Кара-Кѳл шаарынын тушундагы Бишкек — Ош жолунда таш кулатылат

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аракеттер жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жасалууда

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрынан 22-ноябрына чейин Бишкек — Ош автожолунун 400-401-чакырымдарында таш кулатуу иштери аткарылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай аракеттер жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жасалууда.

"Таш кулатуу иштери Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Бишкек — Ош Мамлекеттик автожол дирекциясы тарабынан жүргүзүлѳт", — деп жазылат маалыматта.

Андыктан аталган күндөрү Бишкек — Ош жолунун 400-401-чакырымы маал-маалы менен жабылып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0