Жээнбековдун инаугурациясына айтылган суммадан аз каражат сарпталат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин аппараты инагурацияга жумшалчу каражат эмнелерге коротуларын айтып берди

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 13,1 миллион сомдон азыраак каражат кетерин өлкө башчынан маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште ант берүү иш-чарасына 13,1 миллион сом каралып жатканын айткан.

Ак үйдүн маалымат кызматы министр пландалган гана сумманы айтканын, турмуш жүзүндө андан азыраак каражат кетерин билдирди.

"Инаугурация салтанатында эмнеге канча акча кетери азырынча бекитиле элек. Учурда тиешелүү ведомстволор менен макулдашуулар жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Чыгымдар сметасына бир нече иш-чара кирет. Алар: имаратты кооздоо, транспорт кызматы, жабдуулар ижарасы, расмий конокторду тосуп алуу, концерттик программа, типографиялык кызматтар жана башка чыгымдар.

Инаугурация 24-ноябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0