Соң-Көлдөн мыйзамсыз балык уулагандар кармалып, иш сотко өттү

© Sputnik / Оксана Мамлина / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Вьетнам
Страны мира. Вьетнам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамэкотехинспекция өлкөнүн бардык аймагында рейд жүргүзүп жатат

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Нарында мыйзамсыз түрдө балык уулап жүргөн жарандар кармалганын Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, браконьерлик менен алектенгендерге тийиштүү акт, протоколдор түзүлүп, аларга чара колдонуу үчүн материалдар укук коргоо органдарына жиберилген.

"Соң-Көл көлүнө жүргүзүлгөн рейд учурунда Жумгал районунун Кызарт айылынын эки тургуну 52 даана "пелядь" жана "сига-ладуга" балыктары менен кармалды. Ошондой эле инспекторлор тарабынан 4 моторлуу кайык жана узундугу 100 метр болгон 50 даана тор табылган. Кармалгандардын мыйзамсыз түрдө балык уулап жүргөнү аныкталып, торлору жок кылынды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз балык уулоо жана аңчылыка чыккандарды аныктоо максатында Мамэкотехинспекция өлкөнүн бардык аймагында рейд жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0