Абысындар урушпайт. Абысын деле бара-бара бир туугандай болуп калат. Кандай кырдаал жаралбасын алар менен ортодогу сый мамилени сактап калган жакшы. Жаман, ачуу сөз адамдын жүрөгүндө так болуп калышы ыктымал. Анын үстүнө кайын журтта сизди жакшы түшүнгөн абысын гана болот. Андыктан көңүл калтырышпаңыз!
Бири-бирине сөз ташыбайт. Бир абысындын айтканын экинчисине айтып барбаганга аракет кылыңыз. "Уруш кайдан чыкты" болуп болор-болбос нерсенин айынан ортодогу мамилени бузуп албаңыз.
Күйөөлөрүн жамандабайт. Абысындар бири-бирине кайнагасын же кайнисин жамандап, анын кылык-жоругун айтууда абайлаш керек. Андай эле күйөөңөрдүн кылык-жоругу чектен ашып, ичиңерге батпай жатса абысынга эмес, курбуңар менен тең бөлүшкөнүңөр оң го.
Бири-биринин балдарына катуу айтпайт. Негизи эркек бир туугандар бири-биринин балдарын урушуп, ал тургай урса да эч нерсеси билинбейт. Ал эми алардын аялдары балдарын урмак түгүл, катуу сөз айтып койсо ата-энесине октой тиет. Анчалык балдары чектен ашып баратса, акырын гана жолдошуңузга же ата-энесине түшүндүрүп айтып коюңуз.
Касташпайт. Жеке эле абысын менен эмес, кайын журтта кайын сиңди, кайнеже, кайнене менен касташып, атаандашкандан алыс болуңуз.