Күйүп жаткан турак жайдын ичинен 1,5 жаштагы ымыркайды куткарып калган 1-класстын окуучусу Ысык-Көл облусунун жетекчилиги тарабынан сыйланды

Көлдө өрттөнгөн үйдөн ымыркайды алып чыккан 1-класстын окуучусу сыйланды

482
(жаңыланган 16:28 15.11.2017)
Мындан эки ай мурун 7 жаштагы бала Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы күйүп жаткан турак жайдын ичинде калган бир жарым жаштагы наристени аман алып чыккан

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Күйүп жаткан турак жайдын ичинен 1,5 жаштагы ымыркайды куткарып калган 1-класстын окуучусу Ысык-Көл облусунун жетекчилиги тарабынан сыйланды. Бул туурасында өкөмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

  • Күйүп жаткан турак жайдын ичинен 1,5 жаштагы ымыркайды куткарып калган 1-класстын окуучусу Ысык-Көл облусунун жетекчилиги тарабынан сыйланды
    Күйүп жаткан турак жайдын ичинен 1,5 жаштагы ымыркайды куткарып калган 1-класстын окуучусу Ысык-Көл облусунун жетекчилиги тарабынан сыйланды
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
  • Мындан эки ай мурун 13-сентябрда Киров атындагы мектеп-гимназиясынын 1-классында окуган Альалим Алланазаров Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы күйүп жаткан турак жайдын ичинде калган 1,5 жаштагы наристени аман алып чыккан.
    Мындан эки ай мурун 13-сентябрда Киров атындагы мектеп-гимназиясынын 1-классында окуган Альалим Алланазаров Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы күйүп жаткан турак жайдын ичинде калган 1,5 жаштагы наристени аман алып чыккан.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
Күйүп жаткан турак жайдын ичинен 1,5 жаштагы ымыркайды куткарып калган 1-класстын окуучусу Ысык-Көл облусунун жетекчилиги тарабынан сыйланды

Белгилей кетсек, мындан эки ай мурун 13-сентябрда Киров атындагы мектеп-гимназиясынын 1-классында окуган Альалим Алланазаров Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы күйүп жаткан турак жайдын ичинде калган 1,5 жаштагы наристени аман алып чыккан.

Жаш экенине карабай эрдик көрсөткөн Альалимге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров, ӨКМдин облустук башкармалыгынын начальниги Замир Жумагазиев жана Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев ыраазычылык каттарды жана белектерди тапшырышкан.

482
Белгилер:
эрдик, куткаруу, Ак-Суу
Тема боюнча
Жыл башынан бери куткаруучулар 236 кишини аман алып калышкан
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

41
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

41
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

71
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

71
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео