Флорист, колорист жана кондитер. Эми абактагылар заманбап кесипке ээ болот

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКондитер. Архив
Кондитер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадамдын негизги максаты — соттолгон жарандардын эркиндикке чыкканда коомдо өз ордун таап, үй-бүлөсүн багып кетүүсүнө шарт түзүү

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын абактарында жаткандар заман талабына ылайык кесиптерге ээ боло баштагандыгын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түрмөлөрдө кесиптик лицейлердин филиалдары иштейт.

"Мурда абакта жаткандар Советтер Союзунан калган программа менен токарь, трактор тетиктерин жасоочу сыяктуу адистиктерде окучу. Бирок азыр ал кесиптердин зарылдыгы жок. Ошондуктан эми дизайнер-флорист, компьютердик адистиктер, нан бышыргыч, тигүүчү жана ар кандай профилдеги чач тарач сыяктуу 27 заманбап адистикти окуп жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай кадамдын негизги максаты — соттолгон жарандардын эркиндикке чыкканда коомдо өз ордун таап, үй-бүлөсүн багып кетүүсүнө шарт түзүү.

Ошондой эле кийин бул жарандардын билими тууралуу документинде абакта окуганына басым жасалбай, жөн гана кесиптик лицей көрсөтүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0