"Манас" аэропортун оңдоо иштери башталды. Эмнеси өзгөрүп, канча акча кетти

© Sputnik / Азат Акаев"Манас" аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери башталды
Манас аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери башталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүрүп жатат

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. "Манас" аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Аэропортторду өнүктүрүү боюнча дирекциянын жетекчиси Абдималик Бусурманкулов айтып берди.

Эскерте кетсек, "Манас" аэропортундагы көзөмөл пунктуларындагы кезектин көптүгү, күтүү залдарынын ыңгайсыздыгы жана лицензиясы жок таксисттерге карата көптөгөн сындар айтылып келген. Июль айынын башында "Манас" аэропортуна учуп келгендер узун кезек күтүп, элдин чарчаганын чагылдырган видео социалдык тармактарга чыккан. Андан соң өткөн айдын башында премьер-министр Сапар Исаков аэропортко күтүүсүздөн барып текшерип ыңгайсыздыктарды жоюуну тапшырган.

© Sputnik / Азат Акаев"Манас" аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери башталды
Манас аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери башталды - Sputnik Кыргызстан
1/6
"Манас" аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери башталды
© Sputnik / Азат АкаевЭскерте кетсек, "Манас" аэропортундагы көзөмөл пунктуларындагы кезектин көптүгү, күтүү залдарынын ыңгайсыздыгы жана лицензиясы жок таксисттерге карата көптөгөн сындар айтылып келген
Эскерте кетсек, Манас аэропортундагы көзөмөл пунктуларындагы кезектин көптүгү, күтүү залдарынын ыңгайсыздыгы жана лицензиясы жок таксисттерге карата көптөгөн сындар айтылып келген - Sputnik Кыргызстан
2/6
Эскерте кетсек, "Манас" аэропортундагы көзөмөл пунктуларындагы кезектин көптүгү, күтүү залдарынын ыңгайсыздыгы жана лицензиясы жок таксисттерге карата көптөгөн сындар айтылып келген
© Sputnik / Азат АкаевИюль айынын башында "Манас" аэропортуна учуп келгендер узун кезек күтүп, элдин чарчаганын чагылдырган видео социалдык тармактарга чыккан
Июль айынын башында Манас аэропортуна учуп келгендер узун кезек күтүп, элдин чарчаганын чагылдырган видео социалдык тармактарга чыккан - Sputnik Кыргызстан
3/6
Июль айынын башында "Манас" аэропортуна учуп келгендер узун кезек күтүп, элдин чарчаганын чагылдырган видео социалдык тармактарга чыккан
© Sputnik / Азат АкаевАндан соң өткөн айдын башында премьер-министр Сапар Исаков аэропортко күтүүсүздөн барып текшерип ыңгайсыздыктарды жоюуну тапшырган
Андан соң өткөн айдын башында премьер-министр Сапар Исаков аэропортко күтүүсүздөн барып текшерип ыңгайсыздыктарды жоюуну тапшырган - Sputnik Кыргызстан
4/6
Андан соң өткөн айдын башында премьер-министр Сапар Исаков аэропортко күтүүсүздөн барып текшерип ыңгайсыздыктарды жоюуну тапшырган
© Sputnik / Азат АкаевМаалыматка ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгында реконструкцияга 28 миллион сомдон ашык акча инвестиция жасалган
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгында реконструкцияга 28 миллион сомдон ашык акча инвестиция жасалган - Sputnik Кыргызстан
5/6
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгында реконструкцияга 28 миллион сомдон ашык акча инвестиция жасалган
© Sputnik / Азат АкаевАлдыдагы жылдары дагы миллиард сомго жакын каражат тартуу пландалып жатат.
Алдыдагы жылдары дагы миллиард сомго жакын каражат тартуу пландалып жатат. - Sputnik Кыргызстан
6/6
Алдыдагы жылдары дагы миллиард сомго жакын каражат тартуу пландалып жатат.
1/6
"Манас" аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери башталды
2/6
Эскерте кетсек, "Манас" аэропортундагы көзөмөл пунктуларындагы кезектин көптүгү, күтүү залдарынын ыңгайсыздыгы жана лицензиясы жок таксисттерге карата көптөгөн сындар айтылып келген
3/6
Июль айынын башында "Манас" аэропортуна учуп келгендер узун кезек күтүп, элдин чарчаганын чагылдырган видео социалдык тармактарга чыккан
4/6
Андан соң өткөн айдын башында премьер-министр Сапар Исаков аэропортко күтүүсүздөн барып текшерип ыңгайсыздыктарды жоюуну тапшырган
5/6
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгында реконструкцияга 28 миллион сомдон ашык акча инвестиция жасалган
6/6
Алдыдагы жылдары дагы миллиард сомго жакын каражат тартуу пландалып жатат.

Бусурманкуловдун айтымында, "Манас" аэропортун масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо бир нече жылдардан бери жүрүп келет. Азыркы учурда аэропорт ичинде жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн күтүү жайлары кеңейтилип, текшерүү пунктуларынын саны көбөйүп, кезекти иреттей турган атайын тосмолор орнотулган.

"Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Азыр жумуштардын бир бөлүгү аткарылып бүтүп, аны менен бирге эле жаңы долбоорлор иштелип жатат. Азырынча кошумча паспорттук көзөмөл пунктулары орнорулду. Кезекти азайтуу үчүн курулган атайын тосмолор жыйынтыгын берип жатат. Колунда баласы бар жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө жол жасап, аны менен бирге алар үчүн атайын эс алуу бөлмөсүн курдук. Аэробекеттин батыш жана чыгыш канатындагы күтүү бөлмөлөрүн кеңейттик", — деди Бусурманкулов.

Жетекчи кийинки жылы аэропорттун шартын жакшыртуу үчүн бир топ долбоорлор иштелип жаткандыгын белгиледи.

Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Пекиндин аба бекеттери достошту. Кандай пайда алып келет?
"Жыл сайын аэропорттогу жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүүдө. 2017-жылдын тогуз айында аба каттамынын саны 15 пайызга өстү. Жүргүнчүлөрдүн саны бир миллион 600 миңден ашты. Киши көбөйсө ыңгайсыздыктар да көбөйөт. Анын алдын алуу үчүн жакшы долбоорлорубуз бар. 2018-жылдын аягында аэробекеттин батыш жана чыгыш тарабындагы күтүү залдары толугу менен кеңейтилет. Батыш канатында 19га жакын паспорттук көзөмөл пунктун ачууну пландап жатабыз. Жүргүнчүлөрдү аэробекеттен учакка түз алып баруучу кошумча телескопиялык траптарды орнотобуз. Январь айында дагы бир жүк берүүчү системаны ишке киргизүү планыбызда бар",— деди ал.

Ал эми Манас" аэропортунун чек ара көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Султаналиев аэропортто "Таза коом" долбоорунун алкагында паспорт текшерген электрондук кабиналар орнотуларын белгиледи.

"Азыр бир паспортту текшерүү 50 секундга жакын убакытты алат. Январь айынын башында "Манаста" үч, Оштогу аэропортто эки электрондук кабина орнотулат. Булардын өзгөчүлүгү биометрикалык паспорту бар жарандар күзөт кызматкери менен жолукпай эле, кабинага кирип паспортун коюп, бармагын басышы керек. Ошондо ал бир секунддун ичинде текшерүүдөн өтөт. Бул дүйнөдө сейрек кездешкен жаңылык", — деди чек ара көзөмөл бөлүмүнүн башчысы.

Открытие международного аэропорта в селе Тамчи, Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан Ысык-Көлгө жаңы аба каттам ачуу боюнча сүйлөшүп жатат
Султаналиев он ай ичинде "Манас" аэропортунун чек ара күзөтү тарабынан мыйзам бузган 42 жаран кармалгандыгын, алардын көбү мыйзамсыз түрдө Россияга кетүүгө камынгандар экендигин айтты.

"Манас" аэропортунун жагымсыз көрүнүштөрүнүн бири болгон лицензиясыз таксисттер маселеси да чечилип жаткандыгы айтылды. Аба транспортундагы милиция бөлүмүнүн башчысы Виктор Малышев Кайгуул милиция жана Салык кызматы менен бирге жеке таксисттерге каршы күрөшүп жатышкандыгын айтты.

"Башынан бери эле бул көйгөй менен күрөшүп келебиз. Мурда 100дөн ашуун лицензиясыз таксист болсо, азыр 50гө жакыны калды. Өткөн жумада эле алты таксистке айып салдык. Бара-бара азаят деп айта алам",— деди Малышев.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын жыйынтыгында реконструкцияга 28 миллион сомдон ашык акча инвестиция жасалган. Алдыдагы жылдары дагы миллиард сомго жакын каражат тартуу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0