Талас шаары. Архив

Талас облусу башчысы жок калганына үч жума болду

141
(жаңыланган 22:45 16.11.2017)
Өкмөттүн Таластагы ыйгарымдуу өкүлү Даир Кенекеевдин ордуна эч ким дайындала элек

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Даир Кенекеев вице-премьер-министр болуп дайындалгандан бери анын ордуна жаңы жетекчи келе элек.

Эске салсак, Кенекеев вице-премьерликке 25-октябрда дайындалган.

Өкмөт Талас облусунун жетекчилигине кимдин талапкерлиги көрсөтүлөрү аныктала электигин, бул боюнча маалымат кийин берилерин маалымдашты.

141
Белгилер:
дайындоо, Даир Кенекеев, Талас облусу
Тема боюнча
Атамбаев Жээнбековдун агасын Украинага элчи кылып дайындады
Жаңы вице-премьер Даир Кенекеев кайсы тармакты тескей турганы маалым болду
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

133
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

133
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

128
(жаңыланган 20:29 20.06.2021)
АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

128
Тема боюнча
Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео