Кардан корккон, таксиде жүрүп саясатчы болгон Бишкектеги чет элдик студенттер

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь иностранных студентов в Бишкеке
Жизнь иностранных студентов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда окуган угандалык Николас карды биринчи жолу ушул жерден көрсө, түркиялык Күбра таксисттер менен сүйлөшүп атып саясатчы болуп кеткенин айтат. Ал эми тажикстандык Шодмонбек кыргызча түш жоруйт.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргыстанда 13 миңге жакын чет элдик студент окуйт. Алардын арасында коңшу өлкөлөрдөн баштап алыскы Африкадан келгендер да бар. Sputnik Кыргызстан студенттер күнүнө карата Кыргызстанда билим алган угандалык Николас Кайемба, түркиялык Күбра Эрбайракчы жана тажикстандык Шодмонбек Хазратов менен нукура кыргыз тилинде баарлашты. 

— Алгач өзүңүздөрдү тааныштыра кетсеңиздер?

Шодмонбек Хазратов: — Мен Тажикстандын Кургантеппа шаарынан келгем. Өзүм 21 жаштамын. "Манас" университенинин Эл аралык мамилелер факультетинде 3-курста окуйм. Кыргызстанга 2014-жылы келгем. Өз алдымча эле келип, бул жакта университетке сынактан өтүп окуп калдым.

Күбра Эрбайракчы: Мен Түркиянын Бурса шаарынан болом. 21 жаштамын. "Манас" университетинде журналистика бөлүмүндө окуйм.

Николас Кайемба: Мен Чыгыш Африкада жайгашкан Уганда өлкөсүнөн болом. Кыргызстанга 2014-жылы келдим. Угандага кыргызстандык мугалимдер барган болчу. Алар бизге Кыргызстанды таанытып, өлкө тууралуу айтып беришкен. Алардан уккан соң бул жакта окуюн деген максат пайда болду. Азыр "Ататүрк-Алатоо" университетинде англис тили жана адабияты бөлүмүндө 4-курста окуйм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНиколас Кайемба: карды биринчи жолу Кыргызстанда көрдүм
Студент Николас Кайемба - Sputnik Кыргызстан
Николас Кайемба: карды биринчи жолу Кыргызстанда көрдүм

— Николас, сиз мугалимдер айтканга чейин Кыргызстан деген өлкө бар экенин билчү белеңиз? 

— Кыргызстан жөнүндө эч нерсе билбейт элем. Мугалимдерден биринчи жолу уктум. Бирок Пакистан, Афганистан сыяктуу өлкө болсо керек деп ойлогом. Коркуу сезими пайда болгон. Келгенден кийин аябай башкача өлкө экендигин, адамдарынын да жакшы экендигин көрдүм. Мага Кыргызстан жакты. 

— Күбра, сиз Кыргызстан жөнүндө кимден уктуңуз? Эмне үчүн бул жакта билим алайын деп чечтиңиз?

— Мен да Кыргызстан деген өлкө бар экендигин башында билчү эмесмин. Интернеттен "Манас" университети тууралуу окуп жатып Кыргызстн тууралуу билдим. Башында кооптонуу болду. Анан Кыргызстанда окуйм деген оюмду ата-энем да колдошту. Ошентип келип калдым.

© Sputnik / Табылды КадырбековКүбра Эрбайракчы: Чыңгыз Айтматовдун "Ак кемеси" аябай жагат
Студент Кубра Эрбайракчы - Sputnik Кыргызстан
Күбра Эрбайракчы: Чыңгыз Айтматовдун "Ак кемеси" аябай жагат

— Биринчи кегенде өлкө тууралуу кандай ойлор пайда болду?

Эрбайракчы: — Чынын айтсам, жакшы өлкө катары көрүнгөн жок. Келгенден кийин кандай өлкөгө келип калдым деп бир жума ыйлагам. Себеби, аэропортко келээрим менен эле милицияга туш келдим. Ушундай жаман көздөрү менен карашты дейсиз, жүрөгүм түшүп калды. Анан шаардагы үйлөрдүн, көчөлөрдүн башкача болгондугу жага берген жок. Түркияга эч нерсеси менен окшободу. Бирок азыр аябай жакшы көз караштамын. Бул жактан кетким келбейт.

— Үчөөңүздөрдүн тең кыргыз тилиңер аябай жакшы экен. Күбра, негизи эле түркчө менен кыргызчаны окшош тил катары билебиз да. Сизге кыргызчаны үйрөнүү оңой болсо керек?

— Ооба, мен кыргызчаны 3-4 айда эле үйрөнүп алдым. Университетте атайын даярдоо курсунда окудум. Анткени сабактарды кыргызча өтөбүз. Тилди жакшылап үйрөнөйүн деп кыргызча китептерди көп окудум. Айрыкча, Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновдун китептерин. Аларды окуп жатып кыргыздарда кандай гана сонун курч сөздөр бар экендигин көрдүм. Кыргыз адабияты жакшы экен. Айтматовдун "Ак кемеси" аябай жакты. 

— Шодмонбек, айтсаңыз тажикче менен кыргызчанын окшоштугу барбы?

— Кыргыз тили түрк, ал эми тажик тили фарсиге киргендиктен эки тилдин айырмасы өтө чоң. Бирок окшоштугу жок десем туура эмес болот. Мисалы, түрк тилине фарсчадан жана араб тилинен өткөн сөздөр бар. Китеп, дептер сыяктуу. Ошого окшогон сөздөрдү биринчи үйрөндүм.

© Sputnik / Табылды КадырбековШомдонбек Хазратов: Кыргызстанда көп улуттар менен сүйлөшүп жүрүп, дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү
Студент из Таджикистана Шодмонбек Хазратов - Sputnik Кыргызстан
Шомдонбек Хазратов: Кыргызстанда көп улуттар менен сүйлөшүп жүрүп, дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү

— Бирок сиз кыргызчаны суудай сүйлөйт экенсиз?

— Мага мындай сөздү көп айтышат. Бардык эле чет элдик студент катары алгач кыргызчаны үйрөнүп баштаганда кыйынчылыктар болгон. Бирок мага да университеттеги даярдык курсунун жардамы тийди. Тилди тилден үйрөнөсүң деп айтышат эмеспи. Жакын досторду тапкандан кийин кыргызча көбүрөөк сүйлөшүп жатып үйрөнүп кеттим.

— Николас, сиз үчүн кыргызчаны үйрөнүү кыйын болгондур?

— Туура, эне тилим менен кыргызчанын арасында чоң айырма бар. Ошондуктан үйрөнүү аябай кыйын болду. Бирок буга чейин түрк тилин бир аз билгендиктен, аз да болсо ошол жардам берди. Анан бизде да араб тилинен келген сөздөр бар. Ошол сөздөр окшош экен. Биз да китеп, сандык, анан "сахар" деген сөздөрдү колдонобуз. Бирок баары бир мен үчүн кыргыз тили аябай оор тил болду. Себеби, айтууга кыйын болгон узун сөздөр бар экен. Бирок аракет кылып жатабыз.

— Кыргызстанга алгачкы кадамыңызды таштаганда кандай сезимдер болду эле?

Архивные фотографии новоизбранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жаш элек, шайыр элек… Атактуулардын студенттик кези менен азыркысы
Николас: — Бишкектеги аэропортко саат түнкү үчтө кондум. Жалгыз эле келген болчумун. Аэропортто баш кийими чоң милициялар тосуп алганда коркуу сезими пайда болду. Алар кимсиң, каяктан келдиң деп сурай башташты. Мен кыргызча бир да сөз билбейм. Алар англисче түшүнбөйт. Бирок эптеп шаарга жетип жатаканада жашап калдым. Кийинчерээк кыргызчаны үйрөнө баштадым. Университетте жумасына бир жолу кыргыз тили сабагын өтөбүз. Азыр дүкөндөргө барып кыргызча сүйлөсөм сатуучу эжелер аябай таң калышат. Барып эле "мага 10 жумуртка берип коёсузбу" десем кызыктай болушат.

— Шодмонбек, Кыргызстан менен Тажикстан окшошпу?

— Окшош десек болот. Себеби, бири-бирибиз менен аралашып эле жашаган элбиз. Менин апам Оштун Кара-Суу шаарынан болот. Ал жакта 9-класска чейин окуп, анан ала качуу деген салттан улам Тажикстанга кетиптир. Апамды ошол убакта кыргыз туугандар бир-эки жолу ала качканга аракет кылышкан экен. Мындан улам туугандар апамы Тажикстанга жөнөтүшкөн. Кыргызстан тууралуу апамдан көп укчумун. Өзүм АКШда окуп жүргөндө кыргыздар менен таанышып калгам. Ошондон улам жаңы келе жатканда коркуу сезими көп болгон эмес. Себеби, аэропортто таксисттер тосуп алып унаасына чейин алып бараарын билчүмүн.

— Көп жылдан бери Кыргызстанда жүрөт экенсиздер. Кыргызстан жана кыргызстандыктар эмнеси менен жагып, эмнеси менен жаккан жок?

Кыргыз тилчи Людмила Войтышина: мага орус тилинен сабак берүү татаал - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилчи Людмила Войтышина: мага орус тилинен сабак берүү татаал
Күбра: — Башында Кыргызстандагы таксисттер жаккан. Алар көбүнчө кыргызча сүйлөгөндүктөн, алар менен сүйлөшүп кыргызчамды өнүктүрчүмүн. Бирок бара-бара алардын бардык нерсени сурай бергени тажата баштады. Түркиядан келдим десем дароо эле бийликти, саясатты сурашат. Анан сүйлөгүм келбей калат. Бирок уят болуп калат го деп сүйлөшөм. Кыргыздар меймандос эл болгондуктан жооп бериш керек. Ошондой эле элдин ынтымагы жакты. Мисалы, сабакка киргенде баары бири-бирине салам берет. Түркияда мындай нерсе жок. Ал эми жакпаган жагы милициялардын пара алганы болду. Дагы бир кызык окуя, даярдык курсунда окуп жүргөндө дос кызым караколдук болчу. Ошол жакка тойго чакырды. Барсам Караколдо жылкынын этин жешет экен. Биз түрктөр жылкынын этин жебейбиз да. Аларга да жебейм деп айтсам макул болушкан жок. Анан жегенге туура келди. Бирок аябай даамдуу экен.

Шодмонбек: — Кыргызстан дегенде оюма кооз табият келет. Тоодогу арчаларды өмүрүмдө биринчи жолу Кыргызстанда көрдүм. Мага аябай сонун таасир калтырды. Көп улуттуу өлкө экендиги жагат. Себеби, көптөгөн улут менен сүйлөшүп жүрүп, дүйнөгө болгон көз карашыбыз өзгөрдү. Бир тил билсең бир адамсың да. Бул жакта башка тилдерди үйрөнүү мүмүкүнчүлүгү да пайда болду. Анан эми ар бир эле өлкөдө терс көрүнүштөр болот. Көчөдө баратсаң балдар токтотуп тийишишет. Бирок, бул ар бир өлкөдө болгон нерсе. Ал эми жеке өзүмө кыргызстандыктардын башка улуттарга окшогусу келип чачтарын боёткону жага бербейт.

Бактылуу окуучулук күндөр… Белгилүү адамдардын мектеп жылдарындагы сүрөттөрү
Николас: — Мага өзгөчө тамактары жакты. Бешмармак, лагман жана эттен жасалган тамактар сонун экен. Жалал-Абадда бир үйдө чучук жегеним эсимен кетпейт. Жаратылышы да абдан кооз. Бул жактагы алма сыяктуу мөмө-жемиштердин көбү бизде жок. Жашоо студенттер үчүн арзан экен. Жалал-Абад, Ош жана Баткенде болдум. Ал жактын адамдары меймандос экен. Бирок бишкектиктер бир аз башкачадай сезилди. Кээде салам бербей туруп эле кимсиң, каяктан болосуң деп сурай беришет. Тамеки чегип, көчөдө эле ичимдик ичкендерди көрдүм. Кызуу болуп алып тийишишет. Бирок жакшы адамдар да көп. Алтынай деген кыргыз тилинен сабак берген мугалимим бар. Ар дайым кабар алып, сүйлөшүп турат. Бул мага аябай керек. Себеби, Кыргызстандагы жалгыз угандалыкмын. Ана да бизде эч качан кар жаабайт. Карды биринчи жолу Кыргызстандан көрдүм. Бир күнү эртең менен турсам көчө аппак болуп калыптыр. Аябай таң калдым. Жылуу кийимим жок болгондуктан университетке кантип барам деп корктум. Мен үчүн жаңылык болду. Угандага барганда биринчи эле карды көргөндүгүмү айттым. Азыр карга көнүп калдым.

Жаңылыктар түрмөгү
0