Мен адамды өлтүрүп алгам, эми түшүмө кирип жатат! Бишкектик жарандын ыйы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭкс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями
Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасында Sputnik Кыргызстан жарандар кабылган кыйын абал жана кырдаалдын каарына кантип туруштук берүү туурасында айтып берет.

Бул ирет жол кырсыгына кабылып, бир адамдын өлүмүнө себепкер болгон бишкектик тургундун анонимдик катын жарыялайбыз.

Случаи насилия над женщинами - Sputnik Кыргызстан
Өз аялымды ур-тепкиге алып, кызымды коркутуп... Бишкектик чоң муштумдун маеги
…Кыш болчу, досумдун туулган күнүнөн үйгө кайтып келаткам. Ал кечте ичмек тургай кальян да чеккен эмесмин. Ошол түндөгү окуялар азыркыга дейре көз алдымдан чуурат, качан болбосун акылымды тынч койбойт.

Бош кан жол, катуу айдап бара жаткам. Тааныш кыз бир нерсени сурап жазып калды, ага бир ирмемге эле алаксып кеттим… Дал ошол маалда жолго бир киши чуркап чыкты. Ал машинеге урунганын уктум, рулду башкара албай бир имаратты барып сүздүм. Эсиме келгенимде унаадан чыгып, жанагы кишинин бош жолдо кыймылсыз жатканын көрдүм. Тегеректе эч ким жок. Айламды таба албай калдым…

Алгач атама телефон чалдым. Ага эмне деп айтканым жадымда жок, бирок апам, иним милиция менен Тез жардамдан эрте жетип келишти… Доктурлар ал кишинин көз жумганын айтышты. Ошол учурда коркконумду айтпагыла! Коркууга алдыргандыктан, башым маң эле. Киши өлтүрүп алдым… Анын чөнтөгүндө эски телефон бар экен, жарака кетиптир, бирок иштейт экен. Жакындары ага чалып, кайда экенин сурап жатышты. Тез жардамдын дарыгери анын жол кырсыкка кабылганын кабарлады.

Жарым сааттан кийин анын аялы, уулу келди. Алардын кыйкырыгын уктум, көз жашын көрдүм. Доктурлар мас абалында болгонун айтышты, бирок бул нерсе киши өлтүргөнүмдү жокко чыгара албайт да. Балдарын атасыз, а жубайын жесир калтырдым. Андан кийин түнү бою милиция, наркологияда жүрдүк…

Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж
Ата-энем ал үй-бүлөнү арыз жазбоого көндүрдү. Атам үйдү сатып, аларга ири акча сунуштады. Макул болушту. Топурак салганга бардым. Ошол бир нече күн өмүрүмдөгү эң коркунучтуу күндөр эле… Ошентип ойлогом, көрсө… Баары кийин башталды. Машине айдагандан заарканып, ылдамдыктан чочулап, атүгүл, жолдон да корко турган болдум… Уйкум бузулуп, маркум түшүмө кире берди…

Окуумду таштап салдым. Ата-энем мени актап, болушунча жооткотууга аракет кылып жатышты. Мен өзүмдү кечире албай койдум. Апам психологго алпарып, мени туңгуюктан алып чыгууга тырышты. Бирок аябай терең кайгыга түшүптүрмүн. Алдыга жылышым керектигин түшүнүп турам, бирок ага күчүм жетпейт. Мындан уялам, бирок бир нерседен эле корко берем. Эмне кыларымды билбей калдым. 

Ильдар Акбутин, психолог:

© Sputnik / Жоомарт УраимовПсихолог Ильдар Акбутин
Психолог, инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин - Sputnik Кыргызстан
Психолог Ильдар Акбутин
Жашоодо туура эмес маалда, туура эмес жерде болуп калган учурлар кездешет. Андай кырдаалдарга ар бир адам кабылышы ыктымал. Мен дагы айдоочу катары эч кандай эреже бузбастан машине айдап баратып курмандык болуп же этиятсыздыктан башка бирөөгө залал келтирип алышым мүмкүн экендигин көп ойлонгом. Жапалдаш бойлуу балдар жолго чуркап чыкса, жолдун чекесинде токтоп турган унаалардан улам аны байкабайсың да. Анча катуу айдабасаң деле кырсык каш кабактын ортосунда болгондуктан баары болуп кетиши мүмкүн.

Ата-энеңиз ал кырсыктын кесепетин жайгарганы менен сиз катуу кайгыга кабылгансыз (ПТСР). Адатта оор окуядан кийин бир жыл ичинде анын белгилери токтойт, ошондуктан сизге көмөктөшө турган психолог издөөнү токтотпоого кеңеш берер элем.

Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала маркум апасын унута албай койду... Психологдун маеги
Эгер өз өмүрүңүзгө кол салуу, жашооңуздун пайдасыздыгы туурасындагы жаман ойлор чулгаса, анда кечиктирбестен, тезинен психологиялык жардам борборуна кайрылууңузду өтүнөм.

Бактыга жараша, Бишкекте жеке да, топ ичинде да психологиялык кызматтар кеңири көрсөтүлөт. Эгер бир психологдун жардамы тийбесе, башкасын издеңиз, акыл саламаттыгыңыз чоң коркунучта. Денебиз жаракат алганда травматологго баргандай эле, көңүл жараатын дарылоону кесипкөй психолог же психотерапевтке табыштаңыз.

Өмүр сүрүү жана жашоонун жыргалын татууга эки эле нерсе керек эмеспи: жашоо жана кубануу! Өз жыргалыңызды табууңузду каалайм.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0