БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Нарын облусуна 11 памирлик кыргыз келди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, алар Кыргызстанга буга чейин Памирден алып келинген жакындарынан кабар алуу үчүн келишкен. 11 адамдан турган топ 18-ноябрда келген, кайра качан кетишери белгисиз.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Улуу Памирде жашаган 33 кыргыз Кыргызстанга көчүрүлүп келген.
БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Кулактын маал-маалы менен чуулдап турушу олуттуу оорулардан кабар берет. Бул тууралуу Express илимий басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Окумуштуулар кулактын чуулдашына В12 витамининин тартыштыгы себепкер экенин айтышты.
"Бул витамин нерв системасынын ишине, канда эритроциттердин пайда болушуна жана ДНКга жооп берет. Эгер бул витамин жетишпесе, нерв клеткалары бири-бири менен жетишерлик байланыша албай, ошондон улам кулакта үндөр пайда болот", — деп айтылат макалада.
В12 витамини аз адамдын айрым учурда колу-бутунун айрым жерлери чымырап, убактылуу эч нерсени сезбей калат.
Ошондуктан адистер өзүнөн мындай белгини байкаган бардык адамдарга колдон келишинче эртерээк дарыгерге кайрылууну сунуштайт.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +8…+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -2…-7 градус болору кабарланды.
Бишкекте жана Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +11…+13, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жылыйт.