Ноокен менен Майлуу-Суунун имамдары билимин жогорулатты

Жазылуу
Кийинки сабак Жалал-Абад калаасына караштуу Достук шаарчасында болмокчу

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад казыяты Ноокен жана Майлуу-Суу шаарындагы 100дөн ашуун имамдын билим деңгээлин жогорулатканы муфтияттын сайтында жазылды.

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз Закиров демилгелеген окуу семинарына Ноокен районунан — 40, Майлуу-Суу шаарынан — эки, Базар-Коргон районунан — 70тен ашуун имам катышкан.

"Аларга Жалал-Абад облустук казыятынын иш башкармалыгынын башчысы Алибек Батыралиев сабак өтүп, имамдар даарат, жамаат намаз, талак, нике боюнча өздөрүнүн суроолоруна жооп алышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, "Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата имамдардын билим деңгээлин, маданияттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган окуу семинарынын пландары облус казысы тарабынан бекитилген.

Кийинки сабак Жалал-Абад шаарына караштуу Достук кичи шаарчасында болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0