БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ошто "кыргыз-орус гуманитардык кызматташтыгында жаштардын орду" аталышындагы эскперттик талкуу өтөт. Бул туурасында уюштуруу тобунан билдиришти.
Иш-чара 21-ноябрь күнү ОшМУнун кыргыз-европа факультетинин жыйындар залында саат 15.00дө башталат. Ага россиялык жана кыргызстандык эксперттер, Россиянын Ош шаарындагы консулу, ЖОЖ мугалимдери жана жаш активисттер катышат.
Жаштардын пикир алышуусу "Кыргызстан менен Россиянын аймактык коопсуздугун чыңдоо. ЕАЭБдин алкагында аймактар аралык жана маданий байланышты өнүктүрүү" эл аралык конференциясынын алкагында өткөрүлмөкчү.
Конференцияны "Евразиялык жаңы толкун" фондусу Ош мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурууда.