Фотофакт: президенттин фотографы тарткан булуттардын кучагындагы кыргыз тоолору

Жазылуу
Өлкө башчынын фотографы Султан Досалиев иш сапар менен Жалал-Абад шаарына бара жатканда асмандан тарткан сүрөтүн жарыялады

Президент Алмазбек Атамбаев шейшемби күнү жумушчу сапары менен Жалал-Абадга барган. 

“Бүгүн, 21-ноябрда, Жалал-Абад шаарына бараткан жолдон тартылган сүрөт. Кыргызстан — Ааман тиреген тоолордун өлкөсү", — деп жазган Досалиев. 

Кадрдан булутка жете түшкөн тоолорду, коктудан аккан сууларды көрүүгө болот. Сүрөт кайсы жерде тартылганы айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0