Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фуралардын саны 500гө жетти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фуралар. Архив
Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фуралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаал бир жарым ай мурун катаалдаша баштаган

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөн фуралардын саны 470ке жеткенин Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, бир саатта алтыдан ашык машина өткөн жок. Ал эми "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунда 170 машина кезекте турат.

Белгилей кетсек, 10-октябрда кыргыз-казак чек арасынан өтүү кыйындай баштаган. Расмий Астана бул кадамды чек арадан өтүп жаткан мыйзамсыз товарларды ооздуктоо үчүн жасалып жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0