Атамбаев: жубайым мага 30 жыл түткөнү үчүн "Эрдик" медалын берейин дедим эле...

Жазылуу
Өлкө башчысы жубайы менен 30 жылдан бери кол кармашып келе жатканын айтты

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанатында жубайы Раиса Атамбаевга "Эрдик" медалын ыйгарууну ойлогонун айтып тамашалады.

"Чынын айтканда жубайыма "Эрдик" медалын берейин дегем. 30 жылдан бери мага түтүп жүрөт… Татыды", — деп жылмайды президент.

Атамбаев салтанаттын жүрүшүндө президенттик мөөнөтү учурунда ага көрсөткөн колдоосу үчүн үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0