Аскердик терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү жарыкка чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызча-орусча сөздүктүн түзүүчүсү Юдахиндин 125 жылдыгы белгиленет
Кыргызча-орусча сөздүктүн түзүүчүсү Юдахиндин 125 жылдыгы белгиленет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терминдердин кыргызча эквиваленти так, туура которулган, ал эми айрым терминдер универсал маанисинде алынган

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. "Аскердик терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү" атуу китеп жарыкка чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сөздүк китептин ачылыш аземи 22-ноябрда болуп өттү. Ага ӨКМдин, Куралдуу күчтөрдүн жана Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү катышкан.

"Сөздүктү түзүүдө аскер иши боюнча көптөгөн адабияттар, советтик энциклопедия, окуу китептери жана маалымдамалар колдонулду. Сөздүккө бардыгы болуп 4028 термин киргизилди. Анын ичинен 1060 термин таза кыргызча которулду (атака — чабуул, удар — сокку ж.б.). Форт, эскадра сыяктуу 683 термин которулбай алынды. Ал эми 2268 термин жарым-жартылай түрдө которулуп берилди (архив военный — аскер архиви, пограничный район – чек ара району)", — деп жазылат маалыматта.

Терминдердин кыргызча эквиваленти так, туура которулса, айрым терминдер универсал маанисинде алынган. Сөздүк 100 нуска менен чыгарылды.

Китепке ССРдин Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков, Кыргыз энциклопедиясынын редакторлору Бектурган Абылгазиев, Ысмайыл Кадыров жана Айымкыз Айтмаматова авторлук кылышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0