Акаевдер, Бакиевдер... Мекенге кайтууга шашпаган чөт өлкөдөгү кыргыз саясатчылары

© AP Photo / Matt YorkКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы Кыргызстанга келсе түрмө же жок дегенде укук коргоо органдарынын сурагы күтүп турган саясатчыларды топтоду

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура 4-ноябрда президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгоду.

© Sputnik / Табылды КадырбековӨмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты
Депутат 6-го созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты

Көзөмөл органынын берген маалыматына караганда, Бабанов президенттик кызматка талапкер катары шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан.

Экс-талапкер тургундардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жатканын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын, улуттук теңсиздик бар экенин айтып, буга каршы жигердүү күрөшүүгө чакырганын Комплекстүү филологиялык-саясий экспертиза аныктаганы жарыяланган. 

Акыркы маалыматтар боюнча Өмүрбек Бабанов Россияда жүрөт. Кийинчерээк ал "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигинен кеткени жарыяланган.

Белгилей кетсек, Бабанов буга чейин вице-премьер жана өкмөт башчы болуп иштеген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстанга кайтып келсе түрмө же жок дегенде укук коргоо органдарынын сурагы күтүп турган саясатчылардын тобун тизмектеди.

Аскар Акаев

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАскар Акаев Кыргызстандын тунгуч президенти
IV Международный фестиваль Мстислава Ростроповича - Sputnik Кыргызстан
Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч президенти

Кыргызстандын туңгуч президенти 2005-жылы болгон "Жоогазын" революциясынан кийин Москвада жашап келет. 2014-жылы бир тууган агасы Болот Акаев көз жумганда коомчулук арасында "Аскар Акаев бир тууганына топурак салуу үчүн келет болду бекен" деген кептер жүрө баштаган. Ошол убактагы башкы прокурор Аида Салянова Акаев мекенине кайтса суракка алынарын билдирген. Буга президенттин айланасындагы адамдарга жана туугандарына козголгон кылмыш иши дагы деле жабыла электиги себеп экени айтылган. Аскар Акаев 2006-жылы Асанкул аттуу агасынан дагы ажыраган. Бирок топурак салуу үчүн келген эмес.

Айдар Акаев

© Фото / Владимир Пирогов Аскар Акаев жубайы майрам, кызы Бермет жана уулу Айдар
История независимого Кыргызстана в архивных кадрах - Sputnik Кыргызстан
Аскар Акаев жубайы майрам, кызы Бермет жана уулу Айдар

Аскар Акаев президент болуп турган учурда анын улуу баласы Айдар Акаев депутат болуп шайланып, кийин Каржы министрлигинде иштеген. Ал "Кумтөр" боюнча келишим түзүүдө коррупцияга жол берген деп айыпталып, издөөгө алынган.

Николай Танаев

© AP Photo / AZAMAT IMANALIEVНиколай Танаев Кыргызстандын экс-премьер министри
Экс-премьер-министр КР Николай Танаев - Sputnik Кыргызстан
Николай Танаев Кыргызстандын экс-премьер министри

Акаевдин учурундагы акыркы өкмөт башчы Николай Танаев дагы "Кумтөр" келишими боюнча коррупцияга айыпталып, ага эки ирет издөө жарыяланган.

Курманбек Бакиев

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүЭкс-президент Курманбек Бакиев
Рабочий визит президента России в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Курманбек Бакиев

2005-2010-жылдар аралыгында Кыргызстандын президенти болгон Курманбек Бакиев 2010-жылдын 7-апрель окуяларынын башкы "каарманына" айланган. Жогорку сот экс-президентти сыртынан өмүр бою эркинен ажыратып, бирок анын жаш курагына байланыштуу 30 жылга кесүү чечимин чыгарган.

Курманбек Бакиев 2010-жылдан бери Белоруссияда жашап келет. Бул өлкө аны Кыргызстанга экстрадициялоодон баш тарткан.

Максим Бакиев

© AP Photo / Sultan DosaliyevМаксим Бакиев өлкөдөн качууга аргасыз болгон президенттин уулу
Сын беглого президента Максим Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Максим Бакиев өлкөдөн качууга аргасыз болгон президенттин уулу

Курманбек Бакиевдин уулу жана бейрасмий түрдө атасынын мураскери аталып келген Максим Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу, опузалоо жана каражатты сыртка чыгарып кетүүгө айыпталып, күнөөсү далилденген. Учурда ал Лондондо жашайт.

Жаныш менен Марат Бакиевдер

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖаныш Бакиев экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы
Председатель общественного фонда Безопасность и правопорядок Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич - Sputnik Кыргызстан
Жаныш Бакиев экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы

Бакиевдердин тизмеси ушуну менен эле токтоп калбайт. 7-апрель окуялары боюнча Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси, Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Курманбек Бакиевдин уулу жана УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Марат Бакиев дагы сыртынан 27 жылга кесилген. Болжол боюнча учурда экөө тең Белоруссияда жашап келет.

Данияр Үсөнов

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүДанияр Үсөнов Бакиевдин учурундагы акыркы премьер-министр
Экс-глава кыргызстанского кабмина Данияр Токтогулович Усенов - Sputnik Кыргызстан
Данияр Үсөнов Бакиевдин учурундагы акыркы премьер-министр

Бакиевдин учурунда Данияр Үсөнов вице-премьер, мэр жана президенттин администрация башчысы болуп эмгектенген. Бакиевдин учурундагы акыркы премьер-министр болгон. 7-апрель окуялары боюнча сыртынан соттолгон. Учурда чет өлкөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0