Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы. Архивдик сүрөт

"КР баатыры" эмне болгон наам жана кандай артыкчылыктарды берет

1677
(жаңыланган 16:09 24.11.2017)
Жогорку Кеңештин депутаты президент Алмазбек Атамбаевге жогорку наам ыйгарууну сунуштады. Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы мамлекеттик наам жөнүндө кызыктуу фактыларды жана артыкчылыктарын билип көрдү.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 23-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин жыйынында президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку наамды тапшыруу демилгесин көтөрдү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы мамлекеттик сыйлык жөнүндөгү кызыктуу фактыларды жана анын артыкчылыктарын билүү үчүн президенттин сайтындагы маалыматтарга жана мыйзамдарга баам салды.

Кандай адамдарга берилет?

Жогорку наам Кыргызстандын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон жарандарга ыйгарылат.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наамга татыган адамга "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылат. Адам каза болгон күндө наам анын мураскерине берилип, бирок тагынып жүрүүсүнө тыюу салынат.

Каякка тагуу керек?

"Ак Шумкар" өзгөчө наамы төштүн сол тарабына бардык медаль, ордендерден жогору тагылат. Күнүмдүк колдонуу үчүн анын кичирейтилген үлгүсү дагы берилет.

"Ак Шумкар" төш белгисинин сүрөттөлүшү

"Ак Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жасалат дагы жогору жагы сегиз нурлуу, ылдыйкы жагы 16 нурдан турат. Жылдыздын нурларынын, кырларынын жана формасынын чети тоо чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат.

Жылдыздын ортоңку бөлүгүндө лавр гүлчамбары менен курчалган күмүштөн жасалган каптама жайгашкан. Каптаманын борборундагы алтын жалатылган фонунда ыйык "Ак Шумкардын" рельефтик сүрөтү жайгашкан.

Белгинин формасы (кыргыздын байыркы үч бурчтук ыйык белгиси) тумар түрүндө, андагы кызыл эмалда түндүктүн рельефтүү сүрөтү бар.

Наам кандай артыкчылыктарды берет?

— Кыргызстанга сиңирген эмгеги үчүн пенсия чегерилет;

— мамлекет тарабынан курулган үйлөр кезексиз берилет. Ошондой эле бериле турган үйдүн аянтына 20 чарчы метр кошулуп эсептелет;

— чарбалык коомчулуктарга мүчө болуу укугу;

— жер салыгынан бошотулат;

— жумушка баруу мүмкүнчүлүгү убактылуу чектелип калса маянасынын 100 пайыз көлөмү жөлөк пул иретинде берилет;

— кошумча нарк салыктан бошотулат;

— спорттук комплекстердин кызматтарын бекер колдонуу;

— майып жана карылар үйүнө кезексиз кабыл алуу, социалдык кызматтардын кезексиз көрсөтүлүшү;

— бейитине мамлекеттик бюджеттин эсебинен эстелик орнотулат.

1677
Белгилер:
наам, төш белги, "Ак шумкар" өзгөчө белгиси, баатыр
Тема боюнча
Бишкек менен Оштун мэрлери "Даңк" ордени менен сыйланды
Кыргызстанда эки залкардын атынан сыйлык негизделди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

120
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

120
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

211
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

211
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды