Бишкек кышка даярбы? Тоңголокко каршы кум менен туз сатып алынды

© пресс-служба мэрии города БишкекКар тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкери. Архив
Кар тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда шаарга жылуулук берилип, тоңго каршы кум менен туз даярдалды

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Тазалык" ишканасы кышкысын тайгак жолдорго себүү үчүн 9000 тонна кум жана 850 тонна туз сатып алды.

Бул маалымат Бишкек шаардык кеңешинин атайын комиссиясы кышка даярдык тууралуу ар кайсы кызматтардан маалымат алып жаткан учурда айтылды.

"Былтыркы жылдан 11 миң тонна кум жана 877 тонна туз арткан. Ошонун баарын кошуп эсептегенде Бишкек быйылкы кышка толугу менен даяр", — деди "Тазалык" ишканасынын директору Рыспек Сарпашев.

Ошондой эле жыйында Бишкекке жылуулук берүү боюнча айтылып, учурда 2589 көп кабаттуу үй, 81 медициналык имарат, 93 мектеп жана 87 бала бакча жылуулук менен камсыздалганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0