Бүгүн Бишкекте кайсы көчөлөр жабылат? Карта

Жазылуу
Кайгуул милициясы шаардагы борбордук көчөлөрдү бир нече ирет жабышы мүмкүн

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 24-ноябрь күнү, жаңы шайланган президенттин кызматына киришүү салтанатына байланыштуу Бишкекте бир нече көчө убактылуу жабыларын ИИМдин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы билдирди.

"Манас жана Чүй проспектилерин бир нече жолу жабууга туура келиши мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Кайгуул милициясы шаардыктарга жана шаар меймандарына альтернативдүү жолдорду тандоону сунуштайт.

Инаугурация мамлекеттик резиденциянын "Энесай" кабыл алуулар үйүндө саат 10.00дө башталды.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурация салтанатын Sputnik Кыргызстан агенттигинин ретрансляциясынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0