Атамбаев президенттикке чейин жана андан кийин. Сүрөт

Жазылуу
24-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап, ал өлкө башчысынын милдетин Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди. Атамбаев кызматына 2011-жылдын 1-декабрында киришкен.

Бүгүн Жээнбековдун инаугурациясы маалында сөз сүйлөп жатып Атамбаев элге жана пикирлештерине ыраазычылык билдирди.

"Биз тынч жана туруктуу өлкө боло алдык. Башыбыздан өткөн катуу сыноолор бизди чыйралтты. Мага акыркы 2-3 жылда гана тынчтык беришип, жемиштүү иштедик. Эгер сиздердин ишенимиңерди актай албай калсам кечирип койгула. Эл, намыс жана Кудай алдында ак болууга аракет кылдым. Кыргызстан эч качан артка кетпей, дайыма өсүү жолунда жүрөт!" — деди Атамбаев.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин сүрөтчүсү "Президент менен өткөргөн 6 жылым" аттуу альбом чыгарды
Ошондой эле экс-президент кыргыз эли менен сыймыктанарын жана Кыргызстанда жашаганына чексиз бактылуу экенин кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Атамбаев алты жыл аралыгында канчалык өзгөргөнүн сүрөттөн көрүүнү сунуштайт. Биринчи кадр 2011-жылы 2-февралда Түркиянын ошол кездеги премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен болгон маалымат жыйында тартылган. Ал эми экинчи сүрөт ушул жылдын 22-ноябрь күнү мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурундагы ирмемдерден.

Жаңылыктар түрмөгү
0