Ант, бата, чогулган туугандар. Президент Жээнбеков кызматка кантип киришти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР
Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда расмий түрдө президенттик кызматка киришти.

Ант берүү салтанаты Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясындагы "Энесай" үйүндө өттү. Белгилей кетсек, Курманбек Бакиевдин инаугурациясы "Ала-Тоо" аянтында, Алмазбек Атамбаевдики Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болгон.

Жээнбековдун ант берүү аземи буга чейинки президенттердикинен айырмаланып, ага чет элдик президенттер чакырылган жок.

Кызматка жаңы киришкен президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын 50дөй Жалпыга маалымдоо каражаттарынан 80 журналист чагылдырды. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-биринчи айым Раиса Атамбаева менен жаңы биринчи айым Айгүл Жээнбекова
Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Экс-биринчи айым Раиса Атамбаева менен жаңы биринчи айым Айгүл Жээнбекова

Иш-чара кандай болду, ким келди?

Жээнбековдун ант берүү салтанатына маданият ишмерлери, бийлик өкүлдөрү, элчилер болуп жалпысынан 450 конок чакырылды. Ошондой эле Атамбаевдин үй-бүлөсү, Жээнбековдун тууган-туушкандары, бала чакасы эл арасында отурду. "Энесай" үйүнөн экс-биринчи айым Раиса Атамбаева менен жаңы биринчи айым Айгүл Жээнбекованын чогуу отурганын көрүүгө мүмкүн болду. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи өткөрүлдү
Инаугурация избранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи өткөрүлдү

Алгач залга Кыргызстандын Конституциясы, желеги жана өлкөнүн штандарттарын Ардак кароол оркестрдин коштоосунда алып кирди. Андан кийин залга Атамбаев, Жээнбеков кезеги менен кирип, жаңы президент ант бергенден кийин күбөлүк жана өлкө башчынын төш белгиси тапшырылды

Биринчи сөз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи өткөрүлдү
Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи өткөрүлдү
Президенттик кызматка киришкен Жээнбеков аны колдоп добуш берген жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Адилетсиздикти кыргыз эли кабыл албай турганын айтты. Ошондой эле аны кыргыз кылып, кыргыз жараны кылып жараткан Кудайга чексиз ыраазы экенин белгиледи. 

Биринчи Жарлык жана Атамбаевге "КР баатыры" наамын ыгайруу боюнча

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи
Инаугурация избранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи
Жээнбеков президенттикке киришкенден кийин биринчи Жарлыгы менен Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамын берерин айтып, мындай деди:

"Кыргызстан элибизге аруу тилек, аруу мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз Кыргыз Республикасынын баатыры, эң жогорку артыкчылык даражадагы "Ак шумкар" өзгөчө белгисине татыктуусуз. Бул наамды сизге эл алдында чоң сыймык менен тапшырам деген ниеттемин", — деди Жээнбеков.

Жээнбековдин өмүрүнүн маңызы эмнеде?

Президенттикке киришкен Жээнбеков биринчи сөзүн сүйлөп жатып анын эң негизги милдети элге кызмат кылуу экенин айтты. 

"Сиздердин ишенимиңерди актоо, элиме кызмат кылуу менин өмүрүмдүн маңызы болуп калды. Мен үчүн бийлик —  эл-жерибизге кызмат кылуу, мекендештерибиздин жашоосун жакшыртуу, кыргыз мамлекетин бекемдөө", — деди ал.

Коңшулар менен кандай мамиле сакталат?

Жээнбеков Россия, Кытай менен болгон мамиле достук жана стратегиялык өнөктөш катары өнүгөөрүнө токтолду. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттери менен эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен жана бири-биринин ички саясатына кийлигишпөө принциби менен өнүгүшү керектигин айтты. Япония, Корея, Индия, Монголия, Иран, Пакистан, араб мамлекеттери, Түркия жана АКШ менен болгон байланыш дагы чыңдаларына токтолду.

Атамбаев кечирим сурап…

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи
Инаугурация избранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи
Экс-президент алты жыл ал үчүн чейрек кылымга барабар болгонуна токтолуп, айрым убадаларын аткары албай калганы үчүн элден кечирим сурады.

"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, көп нерсе колуман келбей калды. Убакыт да жетпей калды. Анткени акыркы 2-3 жылда гана өлкөдө туруктуулук, тынччылык, ынтымак орноп иштегенге мүмкүнчүлүк болду. Ошентсе да айрым убадаларымды, ойлорумду жүзөгө ашыра албадым, ал үчүн кечирим сурайм, мени кечирип койгула, кыргыз элим", — деди ал.

"Соке досум"… Атамбаевден Жээнбековго бата

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи
Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи
Атамбаев сөзүн жыйынтыктап жатып, Жээнбековго өзү даярдап келген батасын берди.

"Оо, жараткан! Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта, душмандын жалаасынан сакта. Дос көрүнүп кас болгондон сакта, жаныңда жүрүп өч болгондон сакта! Берекет жаныңдан кетпесин, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин! Жолуң шыдыр болсун! Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун! Жараткан ар дайым сени колдосун. Аман бол, бактылуу бол, Соке досум! Элибизге ак жолтой ажо бол! Оомийин!" — деди Атамбаев. 

"Энесай" үйүндөгү салтанаттан кийин Атамбаев Ак үйдөгү өзүнүн иш кабинетин Жээнбековго расмий түрдө өткөрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0