Көмүр менен күйүүчү-майлоочу майдын баасы тыкыр көзөмөлдөнөт

Жазылуу
Анда социалдык маанилүү товарлардын наркы күн сайын текшерилип турат

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Күйүүчү-майлоочу май менен көмүрдүн баасы тыкыр көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кокуйлаткан көмүр баасы! Кыргыз көмүр кара алтындын баасы арзандайт дейт... - Sputnik Кыргызстан
Кокуйлаткан көмүр баасы! "Кыргыз көмүр" кара алтындын баасы арзандайт дейт...
Билдирүүгө ылайык, премьер-министр Сапар Исаков Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабировду кабыл алып, баанын негизсиз жогорулап жаткандыгына карата тийиштүү иш-аракеттерди көрүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал күн сайын көмүр, күйүүчү-майлоочу майдын наркын мониторинг кылуу керектигин белгилеген.

Анын негизинде сициалдык маанилүү товарлар боюнча сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0