Акаевдин "башына ойногон" Ельциндин кашыктары. Окуянын чоо-жайын Кулов ачыктады

© Sputnik / В. Чистяков / Медиабанкка өтүүБорис Николаевич Ельцин и Аскар Акаев
Борис Николаевич Ельцин и Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевди Ельцин кашык менен башка чапкылаган деген кептерди акыркы жолу экс-президент Алмазбек Атамбаев эске салган

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин кыргызстандык кесиптеши Аскар Акаевдин башына кашык "ойноткон" деген сөздөр чындыкка туура келбестигин саясий ишмер Феликс Кулов Facebook соцтармагы аркылуу билдирди. 

Ельцин Аскар Акаевдин башын кашык менен чапкылаган деген кеп 20 жылдан бери айтылып келет. Бул тууралуу акыркы жолу экс-президент Алмазбек Атамбаев эске салган.

"Мен ал жерде болгом, ошондуктан, калп айта албайм. Окуя Ысык-Көлдөгү мамлекеттик резиденцияда болгон. Ал күнү кечки банкетке мен Ички иштер министри катары катышкам. Бир маалда комуз күүсү жаңыра баштаганда Ельцин ордунан тура калып эки аш кашыкты колуна алып музыканын ыргагы менен ар кайсы нерсени ургулай баштады. Кашыктарды алгач өзүнүн тизелерине, столго, идиш-аякка чапкылап, кийин жанында отурган адамдардын баштарына чаап жиберчүдөй жаңсаган", — деди Кулов.

Анын айтымында, Ельциндин сол жагында отурган Акаев жана оң тараптагы башка дагы бир адам эңкейе бергендиктен, Россия президентинин кашыгы эч кимге тийбей калган. Анткен менен кашыктардын "жанында отургандардын башына ойноп кетүү кооптуулугу да болгон" экен.

Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти, коомдук жана саясий ишмер, окумуштуу, илимпоз Аскар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Илимди саясатка алмаштырып өкүттө калган Аскар Акаев тууралуу 9 факты
"Ельцин өзүнүн кетирген катасын тез түшүнө коюп, башкаларды чочуткан мындай кыймылдарды жасаганын токтотту. Мен кыйгачыраак отургандыктан, Ельцин Акаевдин башына кашык ойнотпогондугун даана көрдүм. Муну мен жоопкерчилик менен эле айта алам", — деди Кулов.

Анткени менен генерал ушундай эле көрүнүш КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин Ташкенттеги саммити учурундагы сый тамак учурунда болгонун айтты. Музыка ойнолуп башталары менен Ельцин баягысындай кашыкты ала койду. Анын капталында отурган Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев дароо "кооптуурак жайдан" окчундай беришти.

"Ельциндин кашыктарды каңгыратып, дүйнөгө дирижерлук кылган бул адаты бирөөлөрдү кемсинтип, бирөөнүн башына эч качан ойногон эмес. Андыктан, көз карандысыздыкка ээ болдук, башка бирөөлөр эми кашык менен башка чапкылай албайт деген маанайда, мындай мисалдарды бирөөгө каршы коюу үчүн келтире берүү орунсуз", — жыйынтыктады Кулов.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон сүйлөшүүсүндө бул эскерүүлөрдү жарыялоого көптөр кызыгып жаткандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0