Манасчы Замир Баялиевдин айылга каты. Уурдап окуган китеп, ашыктыктын 16 куплети

Жазылуу
Бул сапар айылга катты таланттуу жигит, манасчы Замир Баялиев жазды. Каттын кээ бир саптарын калтаарып окусаңыз, бир катар жерлеринде жылмайып аласыз.

Биздин каарман Талас районунун Манас айылында Ак-Сай орто мектебин аяктаган. Чоң ата менен чоң эненин тарбиясын алып, ата нускасы менен эне адебине сугарылган небере.

Мен бүгүн айылыма, Манаска кат жазып жатам. Бул сапар кат дүйнөсүнө кайтып барып, жакшы ирмемдерди эстеп, жан дүйнөм бир тазарып алды.

Алгачкы катым мектеп курагында болду. Мен курактуу балдар ошондо жан дүйнөбүздөгү кыздарга болгон, аруулукту, жылуу сезимдерди билдирген учурлар эсте.

Ыр менен жазылган кат

КРдин Эмгек сиңирген артисти, Даңк медалынын ээси, КТРКнын диктору Бактыбек Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Мамытов айылга кат жазды. Бай түп алма, чоң эне, ак боз атчан караан
Эсимде, биринчи жолку катымды ыр менен жазгам. Окуган кыздар, "ой боой, сен акынсың го" дешкен. Манасчылык дараметим да ошондогу ыр менен кат жазганымдан башталганын, булактын көзү ачылгандай болгонун кийин туйдум. Уйкаштыруу чыгармачылыктын бир өңүрү эмеспи.

…Катты берки балдар башкача жазып жүргөн. Катарлаш класста жакшынакай кыз бар эле, классташтарымдын ага кат жазгандыгын угуп, "жөн каламбы, мен анда ыр менен жазбаймбы, ыя" деген ой келген. Саптар жан дүйнөмдөн жанар тоодой атылып чыгып, 16 куплет ыр менен жазганым эсимде. Аным классташтарым арасында, мектепте аңыз кеп болгон…

Ал кыз талантыма дем-күч берип, чыгармачылыкка жетелеген буйруктун иши болгон экен. Ал тараптан да ыр менен келет, мен да ыр менен жооп берем. Ошентип, ырга болгон ышкы отум ошондо жанып чыккан го дейм, азыр. Болбосо, поэзияга үңүлүп, кызыкчу деле эмесмин. Каттын негизинде жолум ачылып кетти. 

Тойлор… жети табак

Кат айылды эстетти. Элетте жүргөн учур, бир адам той берсе, бир өрөөндүн, райондун эли чогулуп, ат оюндарын – эр эңишти, ат чабышты, тай чабышты, ит агытып, куш салган салбурунду көрүп, жалпы эл майрамдап, жарпы жазылып, бир кумардан чыгып калчу эле. Ошолорду көрүп калдым, ал мен үчүн да бир майрам эле. Чоң атам той бергенде да эртең менен туруп, короого баам салабыз. Жек-жааттардан кошумча катары түшкөн тайбы, койбу, айтор, мал-мүлктүн баарын тойго камдап койчу. Эртеси күнү кадырлуулар үйгө түшүп жаткан учурда биз сыртка чыгып, көчөдө туруп, ат менен бастырып келе жаткан кишилерди саначу элек. 3, 6, 12, 18, 21ге жеткенде жети табак деп кыйкырып койчубуз.

Ошентип, саат 10дон кийин казганактаган калың элдин катышкан той башталчу. Ошондо ат чабышка үч, тай чабышка үч, кунан чабышка үч байге коюлчу. Анан быштысын кошуп жиберген жокпу деп, тишин карап, саяпкерлерден турган комиссия түзүлчү эле. Анан ар бир жылкы жаныбар өз-өзүнчө жарышка кое берилчү.

Чоң атам жана мен

Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, КРдин Эл артисти, куудул Келдибек Ниязов жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куудул Келдибек Ниязовдун айылга каты. Оозун аңырдай ачкан кемпир жана күлкү
Чоң атам мүнүшкөр, саяпкер, сөзгө чечен, санжырачы киши болгон. Ал кишинин бүркүт таптап, куш кармагандыгын көрүп, ага дилгирленип жүрдүм. Бүркүттү уясында жумуртка басып жаткан жеринен көрүп, аны сыртынан аңдып, багып жүрүп, кийин темир канат болгондо алып келдим. Ал эми өзүнчө бир узун кеп… Бүркүттүн балапанын жылан, түлкү илип келип багып жаткан учурларын көрдүм. Ошентип, аска-зоонун башынан алып келип, үйгө багып жүрдүм. Кушка тор жайып, багып, кекилик-чил, кыргоолдорду кармадым. Ошонун бардыгын эстегенде таза, тунук, аруу дүйнөгө барып келгендей болом.

Бактылуулукту эмне деген ой келди азыр мага. Бактылуулук — чоң апамды, чоң атамды көрүп, мээримине бөлөнүп чоңойгонум. Чоң атам – Жолдошалы, чоң энем – Гүлүмкан. Аларды ата, апа деп өстүм. Кийин көзү өткөндөн кийин азыркыча атап калдым. Атам Жайлообек, апам Бакбүбүнүн мээримине бөлөнүп чоңойдум.. Чоң атам 90 жашында дүйнө салды. Бирок, алар көрсөткөн жол, басып өткөн из жүрөгүмдө дайыма жашайт.

Жылма тентек элем…

Мен жылма тентек болчумун. Ачык бейбаштык кылып, көчөнү чаңызгытып, көрүнгөндүн баласын урчу эмесмин. Бир караганда жоош көрүнгөнүм менен… бирок тентектик болуп кетчү. Менден кетип калса, мугалимдер "разборка" баштаганда кылганымды мойнума алчумун. "Жоош" деп жаңылып, тийишип алгандар таяк жечү… Башка учурда өзүм катылчу эмесмин.

Балдардын алдыңкысы эле болуп чоңойдум, эмнегедир жан дүйнөм жогоруда мен кеп кылган өнөрлөргө тартып турчу. Чоң атамдын үйү бизден алыс эмес жерде эле. Мектепте барганда бара жатып да, келе жатып да тамак ичип, кээде түнөп калган учурларым болучу… Атам да, апам да иштеги кишилер эле. Ал эми беркилердин менден башка неберелери да чогулуп, айтор, кайнап эле ошол жерде жүрчүбүз. Чоң атам менен чоң энем экөө бизге күн сыяктуу болучу.

Эсенбек Акматов агай жана "уурдалган" "Манастар"…

Президент сообщества Кыргыз тили Раимжан Курбанов - Sputnik Кыргызстан
Раимжан Курбановдун айылга каты. "Добрый вечер, катасы болсо кечир"
Быйыл 10-классты аяктаганыбызга 20 жыл болуп, Аксай орто мектебине барып келдим. Ошол кезде Эсенбек Акматов аттуу агайыбыз бар эле. Анын баскан-турганы баарыбызгы үлгү, жашаган өмүрү өрнөк болду. Себеп дегенде, ал киши акактай тунук адам эле. Ар бир кадамында тарбия турчу. Менин коңшум болгондуктан, баласы Узак менен ойноп, алардын үй-бүлө мүчөсүндөй эле жүрүп калдым. Аны чоң ата, кемпирин чоң эне деп койчубуз. Абдан түз жүргөн адамдар эле. Мен кийин чоң турмушта деле андай адамдарды сейрек кездештирдим…

Дагы бир учур — анын үйүндө "Манас" китептери жыйылып турчу. Анда бизде "Манас" сабагы бир аз өтүп, бирок токтоп калган. Кызыгып калгам. Анан уулу Узактан Эсенбек чоң атанын китептерин алдыртып алып окуйт элем. Менден кичүүрөөк баласына конфет берип, кийин башка томдорун баш көтөрбөй, баштан-аяк окуп чыктым. "Ата-энеңе билгизбей, кайра ордуна коюп кой, макулбу" деп "паралайт" элем. Ошол китептердин ар бир сабы алтынга жеткис бааланып, жадымда калды. Ошентип, уурданып окуган китебим, алигиче көкүрөктө сакталып келет. Кийин үйгө китептер келип, кайталап өз алдымча окуганым менен мурдагым окуганым баасын жоготпогон боюнча кала берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТаланттуу жигит, манасчы Замир Баялиев
Манасчи Замирбек Баялиев - Sputnik Кыргызстан
Таланттуу жигит, манасчы Замир Баялиев

Ата салты, эне адебиндеги нускалуу кептер

Биздин көчөдө ошол учурда жаш аялменттер жашаганбы, айтор, балдар бир куракта элек. Күн батканча "качма топ", "ак желек, көк желек" кечке ойночубуз. Биздин көчөдөгү адамдардын баары, мен айткан Эсенбек, Абдрашит, Буланбек, Касымбек чоң аталар үлгүлүү адамдар эле. Алардын арасында атам Жайлообек бар. Булардын баары көчөдөгү жакшылыктарда, шеринеде, айт күндөрү айылдап, ушунчалык бир үй-бүлөнүн адамдындай болуп, отуруп, тамак ичишчү. Сүйлөгөндөрү ата салты, эне адебиндеги нускалуу кептер эле. Ошолорду эстегенде, абдан төбөм көккө жетип калат. Биздин көчөдөгү ошол адамдардын көбү өтүп, катары суюлуп кетти…

Ырчы жана комузчу Токтобүбү Черикчиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтобүбү Черикчиеванын айылга каты. Апам тартуулаган бакыт, телеграфта калган издер
Жаштар айылдагы турмушка бышып, ал турмушту жон териси менен сезип, башынан кечиргенде келечектеги чыйырга жол ачылат деп ойлойм. Отурукташкан шаар турмушуна аралашканда айылдагы толгон-токой кылган иштеримди эстеп, анан эс алууга келгендей сезгем. Айылдагыларга айта турганым, ата-энелерди урматтап, сыйласа, ошолорго камкордук абдан бийик болсо, батасын алса дейм. Азыр баамдасам, айыл эли бизди өзү эле тарбиялап койчу эле. Көчөдө бара жатып, ар бир аксакалга, байбичелерге учурашып өтүп, баскан ар бир кадамды ойлонуп турчусуң.

Дагы бир учурларды эстедим. Бала кезден фасоль терүү, чөп чабуу деген бизге тааныш болду. Чөптүн абдан бийик кылып, арабанын үстүнө жүктөп, чокусуна оттуруп алып, атты башкарып, тоодон түшчүбүз. Таңган жип чыгып же үзүлүп кетсе, ошол бийиктен куласам кандай болот деген сезим жок, жүрөк тоо учурлар экен. Чын эле опурталдуу эле.

Сууга кирген улакчылар, тарсылдаган такалар

Улакчылардын өлөр-тирилерине карабай ойногон ирмемдери көз алдымда. Тойдун аягында, кечинде аламан улак болчу, адатта…. Жер жайнаган атчандар чаап келип, улакты талашып, өз районуна, өрөөнүнө алып кеткенге жан далбас кылчу. Эки жагы цементтелген канал бар эле. Агып жаткан сууга ат-маты менен улакчан киши кирип кетти, анын артынан кумурска сымал калган эл улам сууга түшүп жатат. Чыккан бир киши жок. Каналдын цементтелген эки жагынан аттар тайгаланып, чыга албай ичинде кайнап жүрүшөт. Чаап келе жаткандардын ичинде мен да бар элем, акыл токтотуп, аттын ооздугун тартканга жетишип калдым. Көз салсам, бир укмуш картина: акканы агып бара жатат, ага деле кайыл. Чыга албай, ары, бери сүзүп жүргөндөр андан көп. Такалуу жылкылар тырышып, ээси менен кошо жүткүнүп, чыгып кетип жатты. Улактын кайда калганы ким билсин, айтор, элдин баары сууда жүрөт. Бул картина азыр да күнү бүгүнкүдөй көз алдымда… Ошондо абдан таңгалгам. 

Калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Меңди Мамазаированын айылга каты. Пушкиндин кыргыз эмес экенин укканда кайгырып...
Анан да улак колго тийгенде улакчылардын өлөр-тирилерине карабай, тоодон типтик ылдый чаап түшкөн учурларына күбө болгом. Бул эч нерседен кайра тартпаган, намыс десе жанын берген, кыргыздын курч мүнөзүн ошол жигиттер менен чогуу, кошо аралашып жүрүп көрүп калдым. Өзүм да катыштым. Ошонун баары жылуу эстелет. Бул — айылдын жашоосу, турмушу.

Бир караганда бул баатырдыктай эстелет. Өзүм "Манас" айткандыктан, баатырлардын баянын баштан өткөн ушундай окуялар менен да салыштырып кетем. Ат таптап, куш таптаган учурлар айткан "Манасыма" дем-күч берет. Ордону абдан ойночу элек. Ал бир керемет.

Андан 10 жыл өтпөй эле оомал-төкмөл заман бир заматта башка нукка өзгөрүп, башка, рынок экономикасынын мезгили келди. Акчасы бар киши ай чапчыган учурга жетти, баалуулуктар өзгөрүп кетти. Бирок бул жашоодогу кечирген өмүрүмдүн эң таттуу, бала кыялымдын күндөрү жогоруда айтып кеткендерим болду. Бардыгы көз алдыма тартылат, маңыздуусу айылдагы учурлар деп эсептейм.

Айылга каалоо-тилегим – небере, чөбөрөлөрүн жетелеп, бактылуу күндөрдү башынан кечирип, аталар, апалар аман болгула! Бизге окшогон уулдарды борборго, ааламга учуруп, өздөрү кол булгалап кубанып турган таянар, жөлөнөр тиректерибиз, бир туугандарыбызга узук өмүр тилейбиз. Элдин түндүгү бийиктеп, керегеси кеңейип, уугу узарып, коломтосунан чогу өчпөй, чамгарагы бүтүн болсун!

Урматым менен уулуңар, Замирбек Баялиев. 

Жаңылыктар түрмөгү
0