Кыргызстандык жаш кардиологдун сунуштамалары америкалык журналга жарыяланды

© Фото / предоставлено Дамиром ОсмоновымИнтервенционный кардиолог Дамир Осмонов
Интервенционный кардиолог Дамир Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дамир Осмонов Анкара шаарындагы Хаджеттепе университетинин медицина факультетин аяктаган

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык жаш кардиологдун сунуштамалары америкалык "Heart Rhythm" журналына англис тилинде жарыяланды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"35 жаштагы кардиолог Дамир Осмоновдун диссертациялык ишиндеги жүрөктүн жыйрылуу ыргагынын бузулушу жана капилет өлүмдү алдын алуу боюнча сунуштамалары Америкалык кардиологдор кеңеши жана Жүрөк ассоциациясынын отчетуна киргизилген. Эми аны "Heart Rhythm" журналы басып чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Дамир Осмонов Анкара шаарындагы Хаджеттепе университетинин медицина факультетин аяктаган. КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы окумуштуулар кеңешинин мүчөсү. 2012-2015-жылдар аралыгында Стамбул жана Алматы шаарларынын ооруканаларында эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0