Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы менен күйөө баласы инаугурация аземинде

Соцтармак кызыктары: Жээнбековдун элге чыккан кыз-күйөөсү

9634
(жаңыланган 13:10 29.11.2017)
Эламан Карымшаков
Узаган жумада өлкө ичинде маанилүү окуялар болуп, социалдык тармактар кызыктуу окуяларга толуп турду. Борбор калаада өткөн мушкерлердин кыл чайнашкан таймашы жана көптөн күткөн Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи болуп өттү.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Инаугурация маалында айрым күтүлбөгөн окуялар да болуп кетти. Ак үйгө бет алган кортеждин артынан ээрчип алган белгисиз унаа жана президенттин төш белгисин кимдир бирөө мойнуна тагып алып түшкөн сүрөт кызуу талкуу жараты. Ал эми апта аягында ырчы Омар колуктусун тапканын жарыялап күйөрман кыздарынын көңүлүн суутту. Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жана башка сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

1. Кортежди ээрчиген чоочун унаа. Инаугурациясынан кийин президент Сооронбай Жээнбековдун кортежи Чыңгыз Айтматов проспектиси менен баратканда артына түшүп алган ак Toyota Land Cruiser токтотулганы түз эфирден көрүнгөн. Бул көрүнүш элдин баарын таң калтырды. Кийинчерээк ИИМ ал унаа кортежге тиешелүү экенин, болгону белгиленген убакыттан эрте чыгып алганы үчүн токтотулганын билдирди.

2. Жанаша отурган биринчи айымдар. Инаугурацияга келип мурунку жана азыркы аталган ханайымдар коомчулуктун көңүлүн бурду. Анткени Жээнбековдун жубайы эл алдына көп чыга берчү эмес.

3. Ханбийке күйөөсү менен… Салтанатуу аземге буга чейин көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан Жээнбековдун кызы менен күйөө баласы дагы келген.

4. Кызыл чеке кылган төш белги. Инаугурациянын эртеси президентке тагылган төш белгини башка бирөөлөр алып ойноп жүрөт деген сүрөт социалдык тармакка жайылып кетти. Сүрөттү карап ар ким ар кандай божомолун айтып чыкты.

5. Дарданып жатканбыз… Көп өтпөй эле президенттин төш белгисин мойнуна тагып алып сүрөткө түшкөн киши өкмөттүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүндөгү протокол секторунун башчысы Мар Топоев экени ачыкталды. Ал сүрөт инаугурацияга даярданып жатканда тартылганын айтып, андагы видеону өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. Эгер видеого ишенсек жарым секундда татылган бир кадр чуу салыптыр.

6. Жарын тапкан Омар. Ишемби күнү ырчы Омар бойдокчулук менен кош айтышты. Колуктусуна бир кучак гүл тапшыруу менен үйүнөн алып чыгып турмуш жолуна аттанды. Омардын күйөрман кыздарына "көңүл айтуу" менен сабыр тилейбиз!

7. "Алгыр" алгырлыгын кылды. Шаршемби күнү Бишкекте "WEF Global 10" турнири өтүп жети өлкөнүн мушкерлеи күч сынашты. Мелдештин башкы беттешинде чемпиондук курдун бирин "Алгыр" каймана аты менен таанымал болгон Актилек Жумабек уулу утуп алды. https://sputnik.kg/sport/20171123/1036470532/ruslan-kydyrmyshev-bettesh-tuuraluu-ajtty.html Муну да жөн койбой сындап чыгышкан экен, өзү Instagram баракчасы аркылуу жооп бериптир.

Журналист от бога 👏 😅 Скоро на всех улицах страны ❄

Публикация от OMKS 📽 VIDEO (@omks_video) Ноя 21 2017 в 2:51 PST

8. Жандуу мисал көрсөткөн журналист. Кар жаагандан кийин шаардын айрым жерлери тазаланбай калышы мүмкүн. Ушундай окуяларды чагылдырып жүргөн журналист муз болуп калган жерден түшөм деп өзү жаракат алып кала жаздады.

9634
Белгилер:
турнир, төш белги, кортеж, инаугурация, социалдык тармак
Тема:
Соцтармактардагы кызыктар (45)
Тема боюнча
Түшүңдү сууга айтпай, ажого айт! Соцтармактын алды унаа, арты мандат сурап жатат
Соцтармак Атамбаевди кантип узатып, Жээнбековду эмне деп тосуп алды
Пикирлер