Бишкек мэри майрамдарга окуучулардан акча чогултууга тыюу салды

© Sputnik / Владимир ПесняМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буйруктун аткарылышына билим берүү мекемелери жоопкер болот

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз акча чогулткан мугалимдердин жоопкерчилигин кароо боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, майрамдар менен ар кандай иш-чараларга акча чогултууга тыюу салынат.

"Акыркы күндөрү Бишкектеги мектептерде чогултулган акча каражаттары коомчулук арасында катуу талкууланып келет. Ата-энелер акча бербей койсо мугалимдер балдарына моралдык-психологиялык кысым көрсөтөбү деп чочулашат. Буга ылайык борбор калаанын мэри майрамдар менен башка иш-чараларга мугалимдер же класс жетекчилер аркылуу акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле буйруктун аткарылышына билим берүү мекемелери жоопкер болору кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0