Актриса Элина Абай кызы турмушка чыкты. Үлпөт тойдон сүрөттөр

© Фото / Курманжан Датка тасмасынанАктриса Элина Абай кызы Курманжан датканын ролунда
Актриса Элина Абай кызы Курманжан датканын ролунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жаштын тою Бишкекте өткөн

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Белгилүү актриса Элина Абай кызы кикбоксер Кумар Жалиевге турмушка чыкты. Эки жаштын үлпөт тойдогу сүрөттөрүн санаалаштыры социалдык тармактарга жарыялашкан.

Маалыматка ылайык, алардын үйлпөт тою кечээ, 27-ноябрда, Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн.

Публикация от Ernest Abdyjaparov (@ernest_abdyjaparov) Ноя 27 2017 в 11:22 PST

Режиссер Эрнест Абдыжапаров эки жаш менен түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасына жүктөп "Күч жана сулуулуктун тою. Кумар, Элина бактылуу болгула!" деп жазган.

Куш бооңор бек болсун, бактылуу болгуга! #behappy

Публикация от Eldiar Madakim (@eldiarmadakim) Ноя 27 2017 в 11:47 PST

Кыргызстандык режиссер Элдияр Мадаким дагы тойдун күнөөкөрлөрү менен түшкөн сүрөтүн жарыялап аларга бакыт каалаган.

Ал эми Кумар Жалиевдин кесиптеши атактуу боксчу Мирбек Сүйүмбаев да үлпөт тойдон сүрөт жүктөгөн.

Учурдун белгилүү актрисасы Элина Абай кызы "Уурунун махабаты", "Гаишники", "Сулуулар жана миллион", "Күкүк Шахра", "Курманжан датка", "Саякбай" тасмаларында роль жаратып, калың элдин оозуна алынган.

Кумар Жалиев кикбокс боюнча дүйнө чемпионатынын үч ирет коло медалын тагынган. 2016-жылы Ата мекендик "Сагын" атуу тасмада башкы ролду аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0