Гүлазык, олобо, керчөө. Эзелтен келе жаткан кыргыздын эт тамактары

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызское национальное блюдо — быжы
Кыргызское национальное блюдо — быжы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздарда эттен бир нече азыктар жасалып, алардын арбыны чүйгүн катары бааланып келет. Булардын бир катарлары көп мээнетти талап кылбаса, даамын чыгарыш үчүн айрымдары өзгөчө эмгек менен бышырылат.

Sputnik Кыргызстан кой, уй жана жылкынын этинен жасалган, дасторкондун даамы менен көркүн чыгарган азыктарды тизмектеп көрдү.

Дегеле, кыргыз даамынын төрөсү гүлазык десек болот. Бул азыкты кара кесек этти бышырып, кургатып, талкан аралаштырып, жыгач сокуга жанчып туз кошуп даярдашкан. Муну жоокерлер, жолоочулар же жол жүргөндөр кайнап турган сууга салып иче беришкен.

Мууздоо. Бата кылып, кой союлгандан көп өтпөй эле мууздоону (кекиртектин учу) ооз тийишет. Аны кемегедеги күйүп жаткан отко кактап бышырат.

Койду кантип туура устукандоо керек - Sputnik Кыргызстан
Устукан тартуу маданияты
Керчөө. Териси менен кошо тегерете кесип алынган койдун төш эти. Керчөөнүн тери жагынын жүнүн тыкыр кайчылап, ички, эт тарабын узунунан тилип-тилип коет. Туздап, таякчага тепчий сайып, кемегедеги отко куйкалап бышырат.

Тууралган куйрук, боорду шорпо аралаштырып, бешбармактын алдында сунушташат. Боор адатта катып кетпей, жумшак бышырылышы керек.

Куурдак. Кой жаңы союлгандан кийин алды менен кара эттен жасалган куурдак беришет. Ал пияз кошуп жасалат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКуйкаланган баш
Баранина в тандыре - Sputnik Кыргызстан
Куйкаланган баш

Куйкаланган баш, шыйрак. Бул куйкумду жакшы көргөндөр үчүн өзүнчө бир даамдуу азык.

Куйкаланган баштын көзүн, мээсин, таңдайын, кулактарын, жаак эттерин жакшы көрүп жегендер бар.

Шыйрактын чучугун жакшы билгендер чагып жешет, себеби анын өзгөчө даамы бар.

Жөргөм, май чучук, беш салаа — ич эт ичегиге кошуп түйүлөт. 

© Sputnik / Нургуль МаксутоваОлобо
Национальное блюдо — олобо - Sputnik Кыргызстан
Олобо

Олобо — өпкөнүн ичине татымына жараша туздалган майлуу сүт куюп бышырылган чүйгүн тамак. Аны куюлган өпкө деп да аташат. 

Быжы — эзилген боорго койдун каны менен көптүрүлгөн күрүч аралаштырып мөөнгө куюлуп, бышырылган дагы бир чүйгүн тамак. 

Бешбармак — майда тууралып, кесме кошулуп, ага пияз аралаштырылып, чык куюлуп тартылган тамак.

Нарын — майда тууралып, чык кошулган эт.

Шишкебек — кой, уй этинен, боордон жасалган чүйгүн тамак.

Сары жүрмө – уй баласынын майлуу ичегиси. Муну кыргыз бүлөсү өзүнчө салып, бышырып жейт 

Чучук — жылкынын казысынан, кабырга этинен жасалып, ичегиге салынган чүйгүн тамак.

Жал – жылкынын жал эти. Бул өзгөчө даамга ээ, чүйгүн эттердин бири. 

Казы, карта — жылкынын ич эттери.

Оңой жана даамдуу: Бишкекте хитке айланган хан-палоонун видео рецепти - Sputnik Кыргызстан
Оңой жана даамдуу: Бишкекте "хитке" айланган хан-палоонун видео рецепти
Таш кордо — туздалып, мурч, сарымсактын кошулмалары сыйпалып, тыныктырып койгон эттен жасалат. Ал башка тамактардан айырмаланып, атайын таш очоктун ичине бышырылат. Таш кордону байыркы заманда, адатта ууга чыккан мергенчилер көп жасап жешкен деп айтылып келет.

Жаа бөйрөк — козу же улактын этин ичеги-карынынан ажыратып, тазалап, маринаддап, бууга бышырат. Бул да чүйгүн тамактардын катарын толуктайт.

Гүлчөтай — жука камырды шорпого бышырып, андан соң сүзүп алып, эт менен бере турган тамак.

Кесме — өлкөнүн түндүк тарабына кеңири таралган эт менен жасалган суюк тамак.

Жаңылыктар түрмөгү
0