Улуттук кийим кийген кыз боз үйдө. Архивдик сүрөт

Көлөкө жерге бакканбыз!.. Кыз узатууда эмнелерди эске алуу керек

9644
(жаңыланган 09:21 29.11.2017)
Кыргыз эли кыз балага "башканын бүлөсү", "кыз — кыроо" деп сый, аяр мамиле жасап, турмушка узаткычакты "көлөкөдө багышкан". Аларды өз абийири менен турмушка узатуу апасы менен жеңесинин негизги милдети болгон.

Бепестеп баккан баласын башка бирөөнүн колуна өткөрүп берүү оңой эмес. Мындан улам элибиз кызды турмушка узатаарда сөзсүз каадасын жасашкан. Кыз узатуудагы жөрөлгөлөр туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине элдик каада-салтты жакшы билген уз Турганбүбү Океева түшүндүрүп берди.

Кыз — кыроо

Кыз турмушка узаарда анын беш көкүл чачы жандырылып, жеңелери, апасы анын чачын эки өрүм кылып өргөн. Себеби илгери чач кыздын статусун көрсөтүп, беш көкүл өрүп жүргөн кыз секелек деп саналса, эки өрүм чач "турмушка чыкты" деген маанини туюндурган. Андан соң атайын апасы аздектеп даярдаган кийими кийгизилип, кооз буюмдар тагылган. Кыздын чачын өрүп жаткан учурда аялдар айрым учурда кошок кошушкан. Анткени илгери кыз алыс жакка турмушка чыкса, ыраактап кеткени ошол дешкен.

Кыз узатаарда ырдалган кошок ырлары

Кызды узатып жаткандагы кошок ырлары апасыныкы, жеңелериники болуп бир нече түргө бөлүнгөн. Ал тургай жакшы кыздын жеңесинин кошогу, сараң кыздын жеңесинин кошогу деген да түрлөрү болгон.

Апасынын кошогу
Сүт үстүндө каймагым,
Жүк үстүндө айнегим.

Оозумдагы шербетим,
Жакамдагы берметим.

Балам көлөкөлүү үйдө өскөн,
Көңүлү менен эрке өскөн.

Балам каалгалуу үйдө өскөн,
Кайгысы жок күндө өскөн.

Эми жээгиңди термелеп,
Теңтушуңа берейин.

Куюшканың курмалап,
Курдашыңа берейин.

Сараң кыздын жеңесинин кошогу төмөнкүчө айтылган:

Оокатка кылдың аракет,
Ой, сараң кыз балакет.

Ооруганда бербеген,
Оймоң калды ала кет.

Сабага кылдың аракет,
Сараң кыз, ой балакет.

Сагынганда бербеген,
Саамалың калды ала кет.

Саймалуу жүгөн сала кет,
Саксынып кылсаң аракет.

Самаганда бербеген,
Сар майың калды, ала кет.

Жеңенин милдети

Кыз бала көбүнчө апасына караганда жеңеси менен сырдаш-курдаш болот деп ага бой жеткенден күйөөгө кеткичекти карап, көз салуу жеңесинин негизги милдети болгон. Чоңоюп калган селкини жигити менен жолугуштурган, табыштырган да жеңелери болуп, кыз узап жатканда шаан-шөкөттү алар уюштурган. Күйөө баланы жүгүндүрүп, колукту көрсөтүп көрүндүк алышып, айтор, эки жаштын тоюнда негизги ролду ойношкон. Салтты улай азыр деле кыз узап жатканда ата-энеси сөзсүз өкүл катары жеңесин кошуп беришет. Кыздын абийири менен барганына биринчи ошол адам күбө болуп, ата-энесине сүйүнчүлөшкөн. Кокус андай болбой калса, жоопкерчилик агасынын аялында болгон.  Азыркы учурда жеңеси менен бирге кыздын эже-сиңдиси да кошо бир сыйра кийим-кечегин, көшөгөсүн ала барышат.

Кыз узатуу салты бүгүнкү күндө

Азыр кыз берип жаткан тарап дагы дүркүрөтө той берип кафе-ресторандарга өткөрүүнү салт кылып алышты. Муну айрым этнографтар туура эмес деп эсептейт. Мындан сырткары, кызды ичине киргизип, эки жагына көшөгө сымал кездеме түшүрүлгөн түндүк көтөрүү акыркы убакта көп кездеше баштады. Этнографтар мындай жөрөлгө да кыргыз элине жат экени айтышса, той өткөрүп жаткандар "бул үйдөн кетип жатат" деген маанини туюндурарын түшүндүрүштү.

Барган жеринен бак айтсын

Кызын күйөөгө ыйлап узатабы, ырдап узатабы, башкысы ата-эне "барган жеринен баар таап, очор-бачар болсо экен" деп гана тилеген. Аны абийири менен турмушка узатуу да ата-эненин башкы милдети болгон.

9644
Белгилер:
каада-салт, апа, жеңе, кыз узатуу
Тема боюнча
Көп аялдуулук: алы жеткени алсын, жетпегени калсын
Келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Мкабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жыйын учурунда

Марипов: COVID-19 жайылууда, мурдагыдай каатчылыкка жол бербеш керек