Сокулук РИИБ жетекчилигине 17 жашынан бери органда иштеген полковник дайындалды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКонференция по реформированию уголовно-исполнительной системы
Конференция по реформированию уголовно-исполнительной системы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убактылуу кармоочу жайынан төрт кишинин качып чыгышынан улам Сокулук РИИБдин жетекчилиги толугу менен кызматтан алынган

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Сокулук райондук ИИБдин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Азамат Ногойбаев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Убактылуу кармоочу жайынан оор кылмышка шектелип камакта жаткан төрт кишинин качып чыгышынан улам Сокулук РИИБдин жетекчилиги толугу менен кызматтан алынган

Эмнеге качканымды билбейм. Түрмөдөн качып кармалгандардын сурактагы видеосу - Sputnik Кыргызстан
Эмнеге качканымды билбейм. Түрмөдөн качып кармалгандардын сурактагы видеосу
Ички иликтөө кызматы тарабынан териштирүү жүрүп, качкындардын абактан эч тоскоолдуксуз чыгып кетишине уставдын талаптарын одоно бузуу, кызматкерлердин өз милдетин так аткарбоосу жана укуктук-ченемдик актыларды тийиштүү деңгээлде билбеши себеп болгону аныкталган. 

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБдин жетекчисинин жардамчысы болуп милициянын подполковниги Марлис Амантур уулу жана подполковник Олжобек Кеңешбек уулу дайындалган. 

Убактылуу жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Ногойбаев милициянын полковниги. Ички иштер органдарында 17 жашынан бери иштеп келет. Жетекчилик кызматтарды аркалаган. 

Буга чейин качып чыккан төрт кишинин экөө кармалганы маалымдалган 

Жаңылыктар түрмөгү
0