Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе эмне болот? Жогорку соттун жообу

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОтстраненный от власти президент Киргизии Курманбек Бакиев выступил на митинге в своем родовом селе Тейит
Отстраненный от власти президент Киргизии Курманбек Бакиев выступил на митинге в своем родовом селе Тейит - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку президент казак телеканалы тарткан тасмада качандыр бир кезде Кыргызстанга кайтып келерин айткан

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мурунку президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайткан учурда аны эмне күтөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку соттон айтып беришти.

Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акаевдер, Бакиевдер... Мекенге кайтууга шашпаган чөт өлкөдөгү кыргыз саясатчылары
Казакстандын "Хабар" телеканалы Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуяларга арналган тасма тарткан. Анонсто Курманбек Бакиевдин маеги камтылган үзүндүлөр көрсөтүлүп, экс-ажо качандыр бир кезде өлкөгө кайтып келерин билдирген. 

КР Жогорку соту кылмыш иштери боюнча соттук коллегия 2016-жылдын 29-июлунда башкы фигуранты Бакиев болгон апрель окуялары боюнча ишти карап чыкканын белгиледи. Анда ошол кездеги президенттин бийлигине каршы чыккан митингчилерге карай ок атылган.

"Курманбек Бакиев мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратылган. Ага карата козголгон башка кылмыш иштери боюнча чыккан өкмдөрдү кошкондо жаза өтөө мөөнөтү 30 жыл болгон. Анын беш жылын түрмөдө өткөрүү каралса, калган 25 жылдык жазаны катуу режимдеги түзөтүү колониясында өтөмөкчү", — деп айтылат маалыматта.

Курманбек Бакиев бийликке 2005-жылы "жоогазын" революциясынан кийин келген. 2010-жылы апрель окуяларынан соң Белоруссияга качууга аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0