Дача Суда авиакырсыктан каза болгондорго эстелик тургузулат. Эскиз

© Фото / предоставлено Венерой ШейшеновойЭскиз мемориального комплекса жертвам авиакрушения в Дача СУ
Эскиз мемориального комплекса жертвам авиакрушения в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мемориалдык комплекстин ачылышы авиакырсыктын жылдыгына карата 16-январга пландалып жатат

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Дача Суда авиакырсыктан каза болгондорго мемориалдык комплекс курулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кырсыктан жабыркаган тараптан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Венера Шейшенова билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-январында Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 учагы Дача Су айылына кулаган. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болуп, дагы 15 киши жабыркаган.

© Фото / предоставлено Венерой ШейшеновойДача Суда авиакырсыктан каза болгондорго мемориалдык комплекс курулат
Дача Суда авиакырсыктан каза болгондорго мемориалдык комплекс курулат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Дача Суда авиакырсыктан каза болгондорго мемориалдык комплекс курулат
© Фото / предоставлено Венерой ШейшеновойБул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кырсыктан жабыркаган тараптан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Венера Шейшенова билдирди.
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кырсыктан жабыркаган тараптан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Венера Шейшенова билдирди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кырсыктан жабыркаган тараптан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Венера Шейшенова билдирди.
1/2
Дача Суда авиакырсыктан каза болгондорго мемориалдык комплекс курулат
2/2
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кырсыктан жабыркаган тараптан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Венера Шейшенова билдирди.

Шейшенованын айтымында, учурда бул курулуштун үстүндө жабыркагандар менен бирге өкмөт жана курулуш компаниялары иштеп жатат.

"Мен өзүм авиакырсыктан үч баламан ажырагам. Албетте бул биз үчүн айыккыс нерсе. Бирок жашоо улана берет экен. Мындан ары ал жерде кырсык болбосун, гүлдөп-өнүгүп тарыхта кала турган жер болсун деп мемориалдык комплекс куралы деп жатабыз. Буюрса, эскизин жабыркагандардан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү түзүп, аны өкмөт колдоп, курулуш компаниялары жардам берүүдө. Азыр ал жерде жапа чеккен үйлөр да түрттүрүлүп, даярдык иштери жүрүп жатат", — деди Шейшенова.

© Фото / предоставлено Венерой ШейшеновойДача Суда авиакырсыктан каза болгондорго курула турган мемориалдык комплекстин эскизи
Эскиз мемориального комплекса жертвам авиакрушения в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Дача Суда авиакырсыктан каза болгондорго курула турган мемориалдык комплекстин эскизи
Мемориалдык комплекстин ачылышы авиакырсыктын жылдыгына карата 16-январга пландалууда.

Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан
Дача Су айылындагы авиакырсык: түрк компаниясы компенсацияны төлөп бүттү
"Эстелик мрамор таштан жасалып экиге бөлүнгөн, ортосунда учактын канаты кулап келе жаткан элес бар. Эки жагына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылып, астына төрт сап ыр берилет. Ал эми эстеликтин айланасы жашылдандырылып, жарык берилет. Каражатты өзүбүз чогулттук, өкмөт дагы колдон келген жардамын, техниканы беребиз деп жатат", — деди Шейшенова.

Авиакырсыктан жабыркагандар жана каза болгондордун жакындарына түрк компаниясы тарабынан компенсация төлөнүп бүткөн. Ошондой эле өкмөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат ачык-айкын жана адилеттүү бөлүштүрүлгөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0