Эл каймактарынын балдары азыр эмне менен алек? Раззаков, Ахунбаев, Исанов

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЧингиз Айтматов с сыновьями
Чингиз Айтматов с сыновьями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгармачылыгы менен дүйнөнү багындырып, кесипкөйлүгү менен эл башкарган кыргыздын чыгаан инсандарынын уул-кыздары эмне иш кылат. Балким, алардын арасында ата жолун улагандары бардыр? Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тактап, тизмектеп көрдү.

Исхак Раззаков

© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРИсхак Раззаков өмүрлүк жары жана кызы Элмира
Архивное фото известного государственного деятеля Исхака Раззакова - Sputnik Кыргызстан
Исхак Раззаков өмүрлүк жары жана кызы Элмира
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаков бир кыз, бир уулдуу болуп, согуш маалында дагы бир баланы асырап алган. Учурда алардын ичинен кызы Элмиранын гана көзү тирүү. Ал өз кезегинде илим жаатында эмгектенип, Москвадагы Чыгыш таануу институтунда көп жыл иштеген. Учурда Элмира Раззакова пенсияда. Россияда жашайт.

Чыңгыз Айтматов

© Фото / из семейного архива АйтматовыхЧыңгыз Айтматов кызы Ширин жана уулу Элдар менен
Писатель Чингиз Айтматов с семьей - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов кызы Ширин жана уулу Элдар менен
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун тун уулу Санжар Россияда ишкерлик кылса, кызы Ширин Айтматова борбор калаада бизнес менен алектенет. Элдар Айтматов Чыңгыз Айтматов эл аралык фондусун жана үй-музейин жетектейт. Ал эми Аскар Айтматов Ысык-Көл форуму боюнча иш алып барат.

Султан Ибраимов

© Фото / из семейного архива ИбраимовыхСаясий ишмер Султан Ибраимовдун канат-бутагы
Политический деятель Султан Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Саясий ишмер Султан Ибраимовдун канат-бутагы
Белгилүү саясий ишмер Султан Ибраимовдун артында эки уул, үч кызы калган. Улуу кызы Айнура Ибраимова саламаттык сактоо тармагында көп жыл иштеп, учурда эл аралык долбоорлорду өлкө аймагында ишке ашырып келет. Экинчи кызы Гүлмира Ибраимова журналист. Кенже кызы коомдук ишмер Элмира Ибраимова. Буга чейин ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, Эсеп палатасын төрт жылдай жетектеген. Эркектердин улуусу Эрмек — дипломат. Кыргызстандын Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия жана Польшадагы элчиси болуп иштеген. Андан сырткары, Венадагы бир катар эл аралык уюмдарда өкүл болгон. Азыркы маалда дипломатия тармагынан кеткен. Кичүү уулу Айбек Ибраимов дарыгер, үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. Жакында жумуштан алынып, азыр бош.

Чолпонбек Базарбаев

© Фото / из семейного архива БазарбаевыхЧолпонбек Базарбаев өмүрлүк жары Надежда жана уулдары Таалай, Нурлан менен
Народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан
Чолпонбек Базарбаев өмүрлүк жары Надежда жана уулдары Таалай, Нурлан менен
СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин эки уулу болгон. Улуусу Таалай Базарбаев он жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттик кызматта иштейт. Ал Кыргызстандын АКШ, Индия, Улуу Британия, Ирландиядагы элчиликтеринде эмгектенген. Азыр Тышкы иштер министрлигинде жектектөөчү кызматты аркалайт. Чолпонбек Базарбаевдин дагы бир баласы Нурлан 35 жашында көз жумган.

Абсамат Масалиев

© Фото / из семейного архива МасалиевыхАбсамат Масалиев үй-бүлөсү менен
Первый секретарь ЦК Компартии Кыргызстана Абсамат Масалиев с семьей - Sputnik Кыргызстан
Абсамат Масалиев үй-бүлөсү менен
Архивные фотографии новоизбранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жаш элек, шайыр элек… Атактуулардын студенттик кези менен азыркысы
Кыргызстан Коммунистик партиясынын биринчи катчысы Абсамат Масалиевдин балдары жашоодо өз ордун таап, түрдүү тармактарда иштейт. Тун кызы Айсалкын Масалиеванын дарыгерликти аркалап келе жатканына 40 жылга чукулдап калды. Экинчи баласы Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, азыр дагы эл өкүлү. Буга чейин ал бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. Үчүнчү уулу Муса айыл чарба тармагында иш алып барып, азыр ден-соолугуна байланыштуу эс алууда. Ал эми кенже кызы Айчүрөк жеке ишкерлик менен алектенет.

Насирдин Исанов

© Фото / из семейного архива семьи ИсановыхТуңгуч премьер-министр Насирдин Исановдун бир уулу, бир кызы бар
Первый премьер-министр КР Насирдин Исанов - Sputnik Кыргызстан
Туңгуч премьер-министр Насирдин Исановдун бир уулу, бир кызы бар
Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун бир уул, бир кызы бар. Тун кызы Мария Исанова учурда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо бөлүмүн жетектейт. Ага чейин IV чакырылыштын депутаты болуп, президенттик администрацияда дагы иштеген. Ал эми уулу Алмаз чет өлкөдөн билим алып, азыр Кыргызстандагы эл аралык уюмдар менен иш алып барат.

Иса Ахунбаев

© Фото / из семейного архива АхунбаевыхБелгилүү хирург Иса Ахунбаев үй-бүлөсү менен
Известный хирург Иса Ахунбаев с семьей - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү хирург Иса Ахунбаев үй-бүлөсү менен
Бактылуу окуучулук күндөр… Белгилүү адамдардын мектеп жылдарындагы сүрөттөрү
Белгилүү хирург Иса Ахунбаев өмүрлүк жары менен эки уул, үч кызды эрезеге жеткирген. Балдарынын улуусу Мустафа Ахунбаев Москвадагы консерваторияны бүтүрүп, көп жыл бою Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында режиссерлук кызматты аркалаган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, кийин Улуттук консерваторияда сабак берип, быйыл 82 жашында көз жумду. Андан кийинки кызы Нелли атасынын жолун улап 1961-жылдан бери хирург болуп үзүрлүү иштеген. Акыркы беш жылдан бери борбор калаадагы медициналык жогорку окуу жайлардын биринде сабак берип келет. Кыздардын экинчиси Чынара да медицина тармагы боюнча кетип, микробиология менен алектенген. Эки баланын апасы 35 жашында атасы менен кошо жол кырсыгында каза болгон. Кызы Анара орус тили жана адабияты боюнча узак убакыт мугалим болуп, азыр пенсияда. Үй-бүлөнүн кенже уулу Медер кардиохирург болуп, 51 жашында көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0