Лукашенко ЖККУнун саммитинде өзүнүн хан сарайынан "адашып" калды. Видео

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Минск
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Минск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммит Белоруссия президентинин резиденциясында өткөн

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин тамашалуу окуя болгонун Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Белорусиянын өлкө башчысы Александр Лукашенко Минск шаарында өтүп жаткан ЖККУнун юбилейлик саммитинде Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Лукашенко ЖККУ саммитинде Жээнбековду куттуктады
Окуянын видеосун Кремлдин пулуна кирген журналист Дмитрий Смирнов өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаган.

Белоруссиянын башчысы жанында турган Нурсултан Назарбаевдин колунан тартып, сол жакка басуу керек дегендей белги берген. Бирок бир нече секунддан кийин лидерлерди башка багытка "бурган".

Уюмдун саммити 30-ноябрь күнү президенттин резиденциясы болгон Минскидеги Эркиндик сарайында өткөн. Кыргызстандын атынан Сооронбай Жээнбеков барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0