Мастар аласалып кеткен машинага мени унутуп кетишти... Майып болгон кыздын баяны

© AFP / VICTORIA SARNO JORDANКлиника школы Ривервью в Гранд. США
Клиника школы Ривервью в Гранд. США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik майып адамдардын укугу жөнүндөгү Конвенциянын өлкөдө ратификацияланышы үчүн күрөшүп жаткан кыргызстандык Гүлзар Дүйшөнованын тагдыры тууралуу жарыялайт.

3-декабрь – майыптардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын активисттери коомдук уюмдар, эл аралык коомчулук менен бирге Конвенцияны ратификациялоону колдоо максатында онлайн-кампания https://amnesty.center/tags/асп/ жүргүзүүдө.

Баян башкы каармандын атынан өзгөртүүсүз берилди.

Оорукананын коридорундагы кызы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки кызы менен ВИЧке кабылган келин: күйөөм бизди адам болбойт деп...
Көп жылдар бою майыптыгы бар адамдарды этибарга да албапмын. Бирок алардын катарына өзүм кошулуп калдым. Ошондо гана эч нерсе сурабастан, өз укуктарыбызды өзүбүз талап этип, өзүбүздү өзүбүз каржылап, коомго пайдалуу болушубуз керектигин аңдадым.

… Жолдошум экөөбүз бир көрүп ашык болдук бири-бирибизге, 1995-жылы баш коштук. Сегиз жыл бирге өмүр сүргөн соң, 2003-жылы тоодо чагылган тийип күйөөм көз жумду. Андан бир жыл мурда кырсыкка кабылган элем. Улак тартыштан кайтып келе жаткандар мени жолдон салып алышкан. Көрсө жүргүнчүлөр эле эмес, айдоочу да мас экен. Жүз метр жылып-жылбай, катуу баратып бурулуштан тоголонуп кеттик.

Мен катуу жабыркадым – эки омурткам, кабыргаларым сынып, бирок мас болгон башка жүргүнчүлөр, айдоочу да унаадан чыгып кетип, мени унутуп калышты. Араң жан жаткан мени артыбыздан келаткан машина алып кетти.

Дарыгерлер мени чөгүп кетпесин деген жакшы ниетте баары жакшы болоруна үмүттөндүрүштү. Кийин, көптөгөн операциялардан соң калыптануума 20 жыл кетерин кабарлашты. Менимче, алар баса албай турганымды башынан айтышканы оң эле, анткени отурууну да, далыны бекем кармап, оодарылууну да кайра башынан үйрөнүшүм керек болчу.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин буттарымды сезе баштаганым менен баары бир басып кетпедим. Жолдошум менин дүйнөмдүн башкы тиреги эле, бардык жагынан колдоп турчу, бакчу, ата-энем да көмөктөшчү. Анын өлүмүнөн кийин кантип жашашты билбей, жан дүйнөмдү боштук ээлеп калган.

Сокулукта жыгач цехин иштеткен майыптар: буйрутма көп болсо жакшы болот эле - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта жыгач цехин иштеткен майыптар кантип жан багат? Иш учурундагы видео
2006-жылы гана Бишкекке калыптандыруучу борборго келүүгө шарт түзүлдү. Ага дейре ушундай аргасыз абалда калган жалгыз мен деп ойлочумун, бирок ал жерден коляскачан башка адамдар менен тааныштым. Семинар, конференцияларга катыша баштадым. Ошентип коомдук ишмерге айландым. 2010-жылы JICA (Эл аралык кызматташтыктын жапон агенттиги) сынагынан өтүп, Япониядан стажировкадан өтүп келдим.

Кырсыкка кабылып, андан кийин күйөөмдөн айрылган соң кол өнөрчүлүк менен алпуруштум, бирок андан бат эле тажап кеттим. Себеби ал маалында гана киреше алып келе турган иш. Азыр котормо менен алекмин. Биз, майыптыгы бар адамдар, өзүбүздү өзүбүз жумуш менен камсыздай алабыз.

Жакында эле мага соода үйүндө кассирдин ишин сунушташты, ал жакка автобустан автобус алмаштырып гана бара алам. Бирок унаалар атайын пандус менен жабдылган эмес. Ал эми автобуска кирип-түшүштө көмөктөшчү адамдар дайым жаныңда болбой калат. Биздин айылда автобуска отурууга жардам беришет, а калаада сени байкашпайт деле. Конвенциянын ратификацияланышы майыптыгы бар адамдарга жумушка барып-келүүсүнө шарт жаратмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0