Кыргызстандыктар жаңы жылда төрт күн катары менен эс алышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековДети на фоне новогодней елки на площади Ала-Тоо. Архивное фото
Дети на фоне новогодней елки на площади Ала-Тоо. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-31-декабрь ишемби жана жекшемби күндөргө туура келет

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 31-декабрдан 3-январга чейин төрт күн эс алууну сунуштап жатат.

Кондитерская фабрика Таттуу - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропорту жаңы жылдык момпосуйга 3,3 млн. сом коротот
Мындай сунуш беш күн иштеген мамлекеттик ишканаларга гана тийиштүү.

Долбоорго караганда, 30-декабрь менен 8-январь (7-январдагы рождество жекшемби күнгө туура келет, адатта деп алыш күн дүйшөмбүгө жылдырылат) иш күн болот. Ал эки күн 1-2-январга жылдырылат дагы, жарандар 31-декабрдан 3-январга чейин эс алып калат.

Анткен менен бул болгону сунуш, аны өкмөт колдосо колдоп, каалабаса баш тартып коюшу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0