Балдарга компьютердик программалоону үйрөткөн "Код сааты" Кыргызстанда өтөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКомпьюерде иштеп жаткан балдар. Архив
Компьюерде иштеп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп окуучуларын компьютердик программалоону үйрөнүүгө шыктандырган "Код сааты" глобалдык кыймылы Кыргызстанда өтөт

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Балдарга компьютердик программалоо боюнча багыт берген "Код сааты" кыймылы Кыргызстанда 4-10-декабрь аралыгында өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Биздин мурас" коомдук фондусунун директору Чоробек Сааданбеков билдирди.

Офистеги кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда отуруп алып дүйнөнү багындыргандар. Өлкөдөгү 6 мыкты IT компания
Маалыматка ылайык, кыймылга дүйнө боюнча 460 миллиондон ашык адам катышып келет. "Код саатынын" үгүттөөчүлөрүнүн арасында Канада премьер-министри Жастин Трюдо, Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана Билл Гейтс бар.

Кыргызстан кыймылга акыркы үч жылдан бери катышууда.

"Код сааты" тууралуу bizdin.kg сайтынан маалымат алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0