Кесиптик окуу жайлардын мугалимдери билимин жогорулатып жатат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМектеп бөлмөсү. Архив
Мектеп бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лицейлердин адистери кесиптик чеберчилигин жыл сайын жогорулатып турмакчы

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы кесиптик лицейлерде айыл чарбасы боюнча окутуунун жаңы модулдары киргизилет. Бул туурасында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы бөлүмүнөн билдиришти.

Окутуу өлкөнүн беш чакан шаарларындагы кесиптик билим берүүчү лицейлердин мугалимдерине өткөрүлдү. Алар эми аталган тренингден алган айыл чарбасынын алдыңкы, жаңычыл ыкмалары боюнча билимдерин элеттиктерге жана жакыр жашаган үй-бүлөлөргө үйрөтүүгө милдеттүү.

"Окутуу учурунда тажрыйба алмашууга Чүйдүн №28, №43 жана №93 кесиптик лицейлеринин мугалимдеринин кызыгуусу күч болду. Андан сырткары, өлкөдөгү банктардын адистеринин финансылык сабаттуулук боюнча окуган курстарын да кунт коюп угушту", — деп айтылган маалыматта.

Окутула турган кыска мөөнөттүү топтор Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык башкармалыгынын колдоосу менен өтүүдө. Лицейлердин адистери кесиптик чеберчилигин жыл сайын жогорулатып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0