Каттоо кызматында кагаздар эми техника менен толтурулат. Чоо-жайы

© Фото / пресс-служба ГНСРабота ГНС в Бишкеке
Работа ГНС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы үлгүлөр документтештирүүдө элди жана каттоо системасын жасалма паспорттордон, күбөлүктөрдөн сактайт дешти

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Быйылкы жылдын 1-декабрынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы атуулдардын документтерин жасалма кылуудан коргоону күчтөндүрдү. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

Төмөнкү документтер толугу менен жаңыланды:

— Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
— Нике күбөлүгү;
— Ажырашуу тууралуу күбөлүк;
— Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
— Атын, фамилиясын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк;
— Баланы асырап алуу боюнча күбөлүк;
— Аталыгынын аныкталышы боюнча күбөлүк.

Мамлекеттик каттоо кызматынан бланкалардын жаңы үлгүлөрү документтештирүүдө элди жана каттоо системасын жасалма паспорттордон, күбөлүктөрдөн сактайт дешти.

Документтер технологиялык жактан мыкты жана полиграфиялык коргоосу күчтүү принтер жана атайын техника менен толтурулуп, басылат. Бул жарандарды документтерди кол менен толтуруу машакатынан арылтат.

"Бланкалар атайын, башкача сапаттагы кагаздар. Ал жогорку технология менен жасалган. Сууга жууп же айрууга болбойт. Оңой менен бырышпайт", — деп билдирди ведомствонун маалымат кызматы.

Ар бир бланктын өзүнүн код таякчалары бар. Бири эсеп, көзөмөл үчүн болсо, экинчисинде атуулдардын жеке маалыматтары сакталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0