Планшет кармаган киши. Архивдик сүрөт

Борбор калаада бизнестин көзүрлөрү чогулат

156
(жаңыланган 09:05 04.12.2017)
Иш-чарада арааны жүрүп турган бизнестин түрлөрү боюнча кеп болуп, ийгиликтүү ишкерлер өз тажрыйбасы менен бөлүшөт

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында "Бизнес-аянт" — BIF 2017 деп аталган жыл сайын өтүүчү жыйын болот. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

Ал ар кыл форматта өтүп, иш-чарада мүмкүнчүлүгү бар инвесторлор, өнөктөштөр, старт-ап долбоорлордун авторлору, алдыңкы медиа ишканаларынын жетекчилери менен таанышуу, пикир алышуу болот.

Андан сырткары, арааны жүрүп турган бизнестин түрлөрү боюнча кеп болуп, ийгиликтүү ишкерлер өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Иш-чаранын алкагында "Бизнеске керектүү кызматтар" деп аталган жарманкенин өтүр айтылды.

156
Белгилер:
жарманке, талкуу, бизнес
Тема боюнча
Кыргызстанда отуруп алып дүйнөнү багындыргандар. Өлкөдөгү 6 мыкты IT компания
Пензалык ишкерлер Кыргызстандын рыногуна кирүүгө кызыкдар