Кыргызстандык ишкер мырзалар канча сомго кийинет? Көйнөктөрдүн рейтинги

© Sputnik / Жасмин МалашеваРубашка фирмы Salvatore Ferragamo стоимостью 21 900 сомов
Рубашка фирмы Salvatore Ferragamo стоимостью 21 900 сомов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым эркектер жакшы акча тапкандыктан катардагы жарандын он айлыгына тете болгон кийим-кечелерди оңой эле сатып ала алышат. Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкекте сатылып жаткан эң кымбат көйнөктөрдүн баасын билип көрдү.

Борбор калаадагы дүкөндөрдүн биринин бренд-менеджеринин айтымында, кымбат кийимдерди көбүн эсе ишкерлер сатып алат. Жергиликтүү ишкерлер кайсы бренддин көйнөктөрүн тандаарына бирге күбө бололу.

Xacus, 12 500 сом

© Sputnik / Жасмин МалашеваXacus, 12 500 сом
Рубашка фирмы Xacus стоимостью 12 500 сомов - Sputnik Кыргызстан
Xacus, 12 500 сом

Бул ачык көк түстөгү көйнөк пахтанын жогорку сортунан жасалган кездемеден тигилген. Ал денеге жакшы отурат, топчулары дагы өзгөчө. Бренд-менеджер бул көйнөктү каралжын костюм жана бозомтук түстөгү галстук менен кийүүнү сунуштайт. Италиялык Xacus бренди эркектер үчүн эң мыкты көйнөктөрдү тигет. Алар бир сезондо 30 миң даана көйнөккө чейин чыгарышат.

Salvatore Ferragamo, 21 900 сом

© Sputnik / Жасмин МалашеваSalvatore Ferragamo, 21 900 сом
Рубашка фирмы Salvatore Ferragamo стоимостью 21 900 сомов - Sputnik Кыргызстан
Salvatore Ferragamo, 21 900 сом

Ак кара сызыктуу болгон бул көйнөк сапаттуу пахта кездемесинен тигилген. Топчусу да акак таштын өңүндөй. Salvatore Ferragamo дүйнөдөгү эң кымбат бренддердин бири. Анын атактуулукка жетишине Мэрилин Монро дагы салым кошкон. Актрисанын люктан чыккан желге көтөрүлгөн көйнөгү менен түшкөн сүрөтүндө ал Сальваторе брендинин бут кийимин кийген. Учурда бул бренддин кийимдери дүйнө боюнча 500дөн ашык дүкөндө сатылат.

Trussardi, 28 328 сом

© Sputnik / Жасмин МалашеваTrussardi, 28 328 сом
Рубашка фирмы Trussardi стоимостью 28 328 сомов - Sputnik Кыргызстан
Trussardi, 28 328 сом

Бүркүттүн элеси түшүрүлгөн бул көйнөк жүз пайыз пахта кездемесинен тигилген. Билектерине экиден топчу кадалган. Көйнөктүн арт жыгандагы эки түз чийин кишинин далысына жарашыктуу отурат. Trussardi жүз жылдык тарыхы бар италиялык бренд. Ал башкалардан жөнөкөйлүгү жана жарашыктуулугу менен айырмаланат.

Zilli, 59 900 сом

© Sputnik / Жасмин МалашеваZilli, 59 900 сом
Рубашка фирмы Zilli стоимостью 59 900 сомов - Sputnik Кыргызстан
Zilli, 59 900 сом

Бул көйнөк пахтадан жасалган жука кездемеден колго тигилген. Чатраж материал адамдын денесине абаны өткөрүп, нымдуулукту өзүнө сиңирип алат. Күз-кыш мезгилине деп тигилген бул көйнөктүн топчулары акак таштардай жалтырап турат.

Stefano Ricci, 67 500 сом

© Sputnik / Жасмин МалашеваStefano Ricci, 67 500 сом
Рубашка фирмы Stefano Ricci стоимостью 67 500 сомов - Sputnik Кыргызстан
Stefano Ricci, 67 500 сом

Көгүлтүр түстөгү бул көйнөк күз-кыш мезгили үчүн тигилген. Италиялык дизайнерлер жүз пайыз пахтадан жасалган кездемени колдонушкан. Темир топчулары casual стилин жактыргандарды кайдыгер калтырбайт.

Zilli, 71 900 сом

© Sputnik / Жасмин МалашеваZilli, 71 900 сом
Рубашка фирмы Zilli стоимостью 71 900 сомов  - Sputnik Кыргызстан
Zilli, 71 900 сом

Ачык көк түстөгү бул көйнөк атайын иштетүүдөн өткөн пахта кездемеден тигилген. Башкалардан айырмаланып мындай кездемеден тигилген кийим жууганда кирбейт. Бели бир аз кууш болгон көйнөк шымдан чыгып калып, ыңгайсыздык жаратпайт. "Акула" стилиндеги жакасына түрдүү формадагы галстуктарды тагууга болот. Zilli бренди эң кымбат маркалардын катарын толуктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0