"Тазалык" ишканасы шаардын көчөлөрүнө таш аралаш кум чачылды дегенге жооп кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба коммунальщиков с весенним снегом
Борьба коммунальщиков с весенним снегом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым айдоочулар "тазалыкчылар" жолго чачкан кумдагы таштардан улам машиналардын алдыңкы терезелеринде жарака пайда болгонун айтышууда

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Telegram тиркемесиндеги "Дежурный по Бишкеку" тайпасы аркылуу шаар тургундары "Тазалык" ишканасына нааразычылыгын билдиришти.

Жарандар кар жаагандан кийин муниципалдык ишкана жолго таш аралашкан кум чачты дешүүдө. Мындай абал айдоочуларга бир топ ыңгайсыздык жаратып, машиналардын дөңгөлөгүнөн учкан таштар терезелерге тийип жарака кетип жатканын айтышкан. 

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуЖарандар кар жаагандан кийин муниципалдык ишкана жолго таш аралашкан кум чачты дешүүдө
Борьба коммунальщиков с гололедом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жарандар кар жаагандан кийин муниципалдык ишкана жолго таш аралашкан кум чачты дешүүдө

Колдонуучулардын бири Чыңгыз Айтматов проспектисине төгүлгөн кумдагы таштардын сүрөтүн жарыялап, анын айынан машинасынын терезесинде жарака кеткенин билдирген.

Ал эми "Тазалык" ишканасынын маалымат кызматы кар жаагандан бери 752 тонна кум көчөгө себилгенин билдирди.

"Кум бардык талаптарга жооп берет. Анда таш бар, бирок ал окурмандар жөнөткөн сүрөттөгүдөй эмес. Биздин кумда андай таш болсо, шаардын бардык жагында бар болмок", — деди маалымат кызматы.

Шаардык кызмат кыш мезгили үчүн 11 400 тонна кум сатып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0