Баласын тепкен киши Мамкаттоодогу кызматынан бошотулду

Жазылуу
Ал Сокулук районундагы мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келген

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Бишкекте өз баласын тепкен кишини кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койду. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Ал Сокулук районундагы мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келген.

Проблема миграции в Европе - Sputnik Кыргызстан
Баласын ичке тепкен атаны камаш керекпи? Чуу салган видео боюнча 5 пикир
Ал арада жабыркаган баланын апасы күйөөсүн аталык укуктан ажыратууну сурап, бирок аны абакта калтырууга каршы болгон. Аял социалдык жактан коргоо кызматкерлерине күйөөсүнүн "адатта эч кимге жаман айтпагандыгын, ал тургай ичпей, чекпей тургандыгын" айткан. Бала учурда энеси менен ооруканада текшерүүдөн өтүп жатат.

Белгилей кетсек, 2-декабрда кызыл күрмөчөн киши кичинекей баланы карда жаткан жеринен ичке тээп жибергендиги тартылган видео тараган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери аны таап, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Райондук сот тарабынан аны тергөө иштери бүткөнгө чейин №1 тергөө абагына эки айга камакта калтыруу чечими чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0