Чубак ажы аны колдоп митингге чыгууну үндөө кадамын чагымчылдык деп атады

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-муфтий Кыргызстана Чубак ажы Жалилов
Экс-муфтий Кыргызстана Чубак ажы Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалилов колдоо митингин уюуштуруу чакырыктарына тиешеси жоктугун белгилеген

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Дин аалымы Чубак ажы Жалилов аны коргоо максатында митинг уюштуруу чакырыктары боюнча Facebook баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

Анда Чубак ажы митинг чакырыктарына тиешеси жоктугун белгилеген.

"Эртең эч кандай митинг болбойт! Аты-жөнү белгисиз болгон адамдардын тилине кирип, күнөөкөр болуп калуудан сактаналы! Мени коргоо максатында уюштурулуп жаткан митингге эч кандай тиешем жок. Бул сыяктуу элди дүрбөткөн, чагымчыл аракеттерди мен колдобоймун жана чын жүрөгүмдөн жектеймин. Бардык маселелер укук талаасында чечилүүсүн туура деп эсептейм", — деди Жалилов.

Здание Государственного Комитета Национальной Безопасности - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Чубак ажыны коргоого жасалган чакырыктарга көз салынууда
Ошондой эле милиция аны узак сааттар бою суу ичирбестен кармап отурушту деген кеп чындыкка коошпой турганын, арыздын негизинде чакырылып мыйзамдуу түрдө аңгемелешүүдөн өткөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктагандан кийин коомчулукта катуу талкуу жаралган. Айрымдары буга дин уруксат берерин жүйө келтирсе, кээси "мыйзамды аттап өттү" деп укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрыларын билдиришкен. Бул боюнча Бишкек ШИИБ 2-декабрда аалымды чакырып аңгемелешүү өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0