Чубак ажы Жалилов: мыйзам алдында күнөөкөр эместигимди дааналап билдим

© Фото / пресс-служба ДУМКДин аалымы Чубак ажы Жалилов
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чубак ажы 153-беренеде жазылган учурлар жашоосунда орун албаганын белгилеген

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Дин аалымы Чубак ажы Жалилов мыйзам алдында айыптуу эместигин айтып билдирүү таратты.

Анда ал Кылмыш жаза кодексинин 153-беренесинде айтылган эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашаган учур жашоосунда орун албагандыктан, бул мыйзам аркылуу күнөөкөр эмес экенин дагы да дааналап билгенин жазган.

"Менин жашоомдо эң зор мааниге ээ болгон үч аял бар. Алгачкысы, менин чоң энем Уруяткан. Экинчиси, мени тууп-өстүргөн, тарбиялаган кадырман апам Гүлжамал эжекей. Үчүнчүсү, жакамды агартып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, менин калыптануума себеп болгон жароокер зат Гүлнур айым. Хадижа энекебиздин ордун Пайгамбарыбыз үчүн эч ким толтура албагандай эле, Гүлнур айымдын ордун, макамын, даражасын эч ким толтура албайт жана тең келе албайт. Ага болгон урматым, сүйүүм чексиз", — деп жазган Жалилов.

Экс-муфтий Кыргызстана Чубак ажы Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы аны колдоп митингге чыгууну үндөө кадамын чагымчылдык деп атады
Ошондой эле ал интернет булактарында "жубайы ооруп, ооруканага түшүп калган" деп жазылган кеп чындыкка туура келбей турганын айтып, анын саламаттыгы жакшы экенин кошумчалайт. Аягында элди жалган маалыматтары таратуудан алыс болууга чакырып, аны колдоп жаткандарга ыраазычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктагандан кийин коомчулукта катуу талкуу жаралган. Айрымдары буга дин уруксат берерин жүйө келтирсе, кээси "мыйзамды аттап өттү" деп укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрыларын билдиришкен. Бул боюнча Бишкек ШИИБ аалымды чакырып эки жолу аңгемелешүү өткөргөн. Whatsapp тайпаларда белгисиз адамдар тарабынан "милициялар аны кыйнап жатыптыр, 6-декабрда аалымды колдоо үчүн Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгабыз" деген билдирүүүлөр тарап кеткен. Бирок Чубак ажы андай чакырыктарга тиешеси жокутугун айтып, аны чагымчыл аракеттер деп атады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0