МИК ипотекалык насыя берүүгө арыздарды кабыл алуусун улантып жатат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКурулуп жаткан турак үй. Архив
Курулуп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ипотека аркылуу үйлүү болгондордун саны эки эсе өсүп, былтыркы 800 миллион сомдук көрсөткүч быйыл 1 миллиард 150 миллион сомго жетти.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) насыя берүүгө арыздарды кабыл алуусун улантып жаткандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Быйылкы жылы насыяларды берүүгө 1 миллиард сом гана каралганын МИКтин төрагасы Бактыбек Шамкеев айтты.

"Бирок быйыл насыялардын саны кескин өстү. Мисалы, мурда айына 50-60 миллион сомдук насыялар берилсе, акыркы айда бул сумма 200 миллион сомго жетти. Каражат жетпей калгандыктан Жогорку Кеңешке кошумча 300 миллион сом бөлүүгө уруксат берүүсүн сурап кайрылганбыз", — деди Шамкеев.

МИКтен билдиришкендей, ЖК бул сунушту жактырып, "Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020" программасын ишке ашыруу уланууда.

Ошондой эле быйыл ипотека аркылуу үйлүү болгондордун саны эки эсе өсүп, былтыркы 800 миллион сомдук көрсөткүч быйыл 1 миллиард 150 миллион сомго жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0