Эки аялын, беш баласын алып Сирияга кеткен жарандын энеси: 8 баламан ажырадым...

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАвтомат көтөргөн адам. Архив
Автомат көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Фарида апанын түн уйкусу бөлүнүп, жан дүйнөсү эзилип турат. Төрт жыл мурда Сирияга кеткен баласынын өлүү-тирүүсү белгисиз...

Үч баланын энеси 53 жаштагы Фарида апа Араван районундагы айылдардын биринде жашайт. 35 жаштагы улуу баласы Бахтиер 2013-жылы үйүнөн белгисиз жакка чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Өзү менен кошо эки аялын жана беш баласын алып кеткен. Жакындары анын кайда жашап жатканын билишпейт. Фарида апа кабарчыбыз Зульфия Тургуновага уулунун кандай себептер менен Сирия азгырына дуушар болгонун айтып берди.

"Баары даават деген немесинен башталды…"

Ситуация в Ливии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда терроризмдин таасири Казакстанга караганда төмөн. Рейтинг
Балам Бахтиер эмерек жасап, устачылык кылчу. Эки инисин да бул кесипке үйрөтүп, жакшы акча таап, турмушубуз эми гана оңоло баштаган. Буга чейин жолдошум көп ичкендиктен, балдарымды кыйынчылык менен араң чоңойтуп, бутуна тургуздум эле. Бахтиер айылдагы орто мектепти 9-класстан кийин таштап койду. Казакстанга барып, базарда соода кылып акча тапчу. Алгач намаз деле окучу эмес. Оор басырыктуу, оюн-күлкү, ичкиликтен алыс жигит эле.

2011-жылдары динге аябай бериле баштады. Шек жараткан достору пайда болду. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей, аларды жактырбай жүрдүм. Үйгө чакырып, сыйлап, ошол достору менен кошо дааватка чыгып жүрдү. Дин жөнүндө көбүрөөк сүйлөп, бизге да адеп-ахлак тууралуу маалымат берип, "кудай", "бейиш" деген сөздөр оозунан түшпөй калды. Кичүү инисин үгүттөп, намаз окуганды үйрөттү. Жума намазды мурда үйдө окуса, кийинчерээк Араван, Кара-Суу районундагы чоң мечиттерге бара баштады. Бишкек шаарына 40 күнгө дааватка барып келди. Ошондо сакалын аябай өстүрүп келиптир. Мен ага каршы болуп, уулум менен сүйлөшпөй койдум. Анткени атасында жок сакалды баласы өстүрүп алганын туура көргөн жокмун. Нааразы болгонумду көрүп сакалын кыскартты.

"Апа, мен өлсөм ыйлайсыңбы?"

Война в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Доклад: Сирияда согушуп жүргөн 500 кыргызстандыктын 44ү гана мекенине кайткан
Бир күнү эле "апа, мен өлсөм сен ыйлайсыңбы?" деп сурады. Чочуп кеттим. "Өлүм жөнүндө ойлонгонго сага али эрте. Ата-энең тирүү турабыз го. Эмне үчүн өлүм жөнүндө сүйлөйсүң?!" деп тилдедим. Ал тааныштарынын бири Сирияга мусулмандарга жардам берүү үчүн кеткендигин айтты. Себебин сурасам "каапырлар Сирияда мусулмандарды өлтүрүп жатат. Досум Сирияга мусулмандарды коргоо үчүн кетти. Ал жакка баруу чоң сыймык. Анткени "жихад кылат" деп жооп берди. Бахтиер акыркы күндөрү бейиш, жихад, өлүм тууралуу гана сүйлөп, эмерек жасаган цехке да барбай, жумушун таштап салды. Атасы да, мен да канча жакшы сөз менен түшүндүрдүк, сөзүбүздү укпай калганда тилдеп да көрдүк. Бирок уулум жумушуна кайткан жок. Убакыт өткөн сайын динге ашыкча берилип, баш-оту менен кирип кетти. Тогуз жаштагы уулу жана эки кызы бар болчу. "Мусулманчылыкта эки аял алууга уруксат, соопчулук кылып, бир кызы бар жесир аялга үйлөнөм", — деп үй-бүлөсү бар экендигине карабай, дагы бир аялга үйлөнүп алды. Биринчи аялы да, мен да, атасы да, кыскасы, баарыбыз анын чечимине каршы чыгып, күрөшүп, күчүбүз жетпей айлабыз кетип отуруп калдык. Эки аялын тең намаз окутуп, көзү гана ачык болбосо, оронтуп койгон. Той-мааракелерге да жиберчү эмес. Эки аялы менен бир үйдө жашап жүрдү. Бирок эки келин бири-бири менен ынтымактуу эле. Көп узабай, экинчи аялы эркек бала төрөп берди…

Эки аялы, беш баласы менен Сирияга кетип калыптыр

Уулум мага 2013-жылы Айт намазын окуу үчүн Кара-Суу шаарындагы мечитке бара тургандыгын айткан. Андан бир күн мурда үйүнө барсам дастаркон жайылган боюнча турат. Палоо, жер-жемиштин баары бар. Азыр гана үйдөн чыгып кетишкен сыяктуу. Эки аялын, алардан төрөлгөн беш баласын алып белгисиз тарапка кетиптир. Өтө шашылыш кеткендиги үй ичиндеги чачылган буюмдардан билинип турат. Кайда кетти, эмне максатта кетти, бизге эч нерсе айткан эмес. Сириядагы мусулмандарга жардам берүү керек деп көп айтып калгандыктан ошол жакка кеткен деп божомолдоп отуруп, шалдайып эле кала бердим…

Шектүүнү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Теракт жасоо үчүн жиберилген 22 жаштагы кыргызстандык кармалды
Уулум кеткенден кийин бир топ убакыттан кийин телефон чалып, "апа, кабатыр болбо, бизде баары жайында" деп шашылып телефонду өчүрүп койду. Менден башка атасына, же инилерине телефон деле чалган жок. Интернет аркылуу деле кат-кабары жок. Кайда экендигин да айткан эмес. Жакында Бахтиер түшүмө кирди. Уулум буга чейин каза болгон жакындарымдын арасында жүрүптүр. Сирияда каза болуп калдыбы, эмне болду?.. "Жаш балдары кандай күндө калды экен" деген суроолор менен азап чегип жашап жатам. Жергиликтүү милициядан келип, уулумдан кабар бар-жогун экенин сурап турушат. Тескерисинче, мен милициядан уулумдун тирүү экендиги тууралуу жакшы жаңылык күтөм. Милиция уулумдун өлүү-тирүүсү боюнча эч кандай расмий билдирүү бере элек. Үмүт кылып, уулум тирүү болсо, балдарын, аялын алып, кайра өз мекенине келсе деп күтүп жүрөм. Сириядан аман эсен келсе кечирет элек. Мурдагы жашоосуна кайтса деп тилек кылам…

Айылдаштарым уулумдун Сирияда өлгөндүгү тууралуу телеканалдардын биринен укканын айтышты…

Жергиликтүү базарда соода-сатык кылгандар телеканалдардын биринен уулум Бахтиердун каза болгондугу тууралуу айтылгандыгын абысыныма кеп кылышыптыр. Ал угар замат бизге чуркап келди. Жүрөгүм бир жамандыкты сезип, бирок башкаларга сыр берген жокмун. Анткени ошол кабарды уккандан бир аз мурдараак уулум түшүмө кирген болчу. Милицияга кайрылсак, баламдын Сирияда каза болгондугу тууралуу азырынча маалымат жок дешти.

Сириядагы согушка ата-энеси ала кеткен дагестандык балдар мекенине кайтарылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сириядагы согушка ата-энеси ала кеткен дагестандык балдар мекенине кайтарылды. Видео
Интернеттен Сирияда болуп жаткан согушту көрүп, неберелерим, эки келинимди ойлоп, санаам санга бөлүнүп, уктабай таң атырам. Айлам куруганда уулумду каргап, "динге берилсең неберелеримди, аялдарыңды таштап жалгыз өзүң кете бербейт белең", — деп өксүп ыйлайм. Бир баладан ажыраган эне үчүн кандай оор. Мен катары менен сегиз баламды жоготуп отурам. Ар бири үчүн кайгырып, ар бири үчүн ыйлап, жүрөк ооруга чалдыктым. Тынбай дары ичем. Уулумду күтүп, жол караган атасы мурда чкиликтен колу бошобой жүрсө, азыр арагын таштап, бирок оорукчан болуп калды.

Ишенчээк уулумду динге алдырып жибердик

Уулум Бахтиер мүнөзү кичипейил, эмгекчил, ишенчээк бала эле. Анын ишенчээктигинен пайдаланып, туура жолдон азгырып кетишти. Канча жолу динге ашыкча берилип, "фанат болбо" дегениме карабай ушул ишке барды. Баламды азгырып, бейишти убада кылып, тозокко түшүрүштү. Чоктой болуп күн-түн ок жаап жаткан Сирияда кайдагы бейиш… Эмерегин жасап, балдарынын кылыктарына мас болуп биздин маңдайыбызда жүрсө болот эле го. Атасы экөөлөп да баламды диндин азгырык жолунан сактай албадык…

Жаңылыктар түрмөгү
0